# 194-1-статья. Баалуу кагаздар рыногундагы инсайдердик бүтүмдөр

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 194-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194-1

---

(1) Баалуу кагаздар рыногунда инсайдердик бүтүмдөр, башкача айтканда төмөндөгү жосундардын бирин атайылап жасоо:

1) инсайдер же анын аффилирленген жагы тарабынан инсайдердик маалыматтарды пайдалануу менен баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу;

2) инсайдердик маалыматтарды үчүнчү жактарга мыйзамсыз берүү (жайылтуу) же инсайдердик маалыматтарга же ага негизделген маалыматтарга үчүнчү жактардын жетимдүүлүгүн мыйзамсыз берүү, ошого тете инсайдердик маалыматтарга негизденген баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоо жөнүндө сунуштамаларды үчүнчү жактарга берүү,

эгерде жогоруда көрсөтүлгөн жосундар пайда көздөө же башка жеке кызыкчылыкта же эмитенттин макулдугусуз жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен үчүнчү жактардын кызыкчылыктарында жасалса же болбосо эгерде баалуу кагаздар менен бүтүм жасоо учурунда маалыматтар жашыруун мүнөзгө ээ экенин жак билсе, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу же уюшкан топ тарабынан жасалса;

2) өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсе ашкан кирешенин суммасы өзгөчө ири өлчөмдөгү киреше деп таанылат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [194-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194)  
Кийинки берене: [194-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-194-2)
