194-статья. Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды, ошондой эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын ачыкка чыгаруу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Коммерциялык, банктык же бөлөк сырды түзгөн билдирүүлөрдүн, ошондой эле салык төлөөчүнүн маалыматтарынын сырын алардын ээсинин макулдугусуз ишеним берилген же ага кызматы же иши боюнча белгилүү болгон жак тарабынан мыйзамсыз ачыкка чыгарылуусу же пайдаланылуусу, - белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратылуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн эки жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ири зыян алып келген же пайда көздөөгө ниеттенүү менен жасалган, ага тете менчик ээсинин эркине карабастан аны алмаштырууга алып келген ошол эле жосундар, - белгилүү бир кызматты ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан үч жылга чейинки мөөнөткө ажыратылуу менен эсептешүү көрсөткүчтүн беш жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 223, 2009-жылдын 24-июлундагы № 246, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
194-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке проведения документальной проверки плательщика по полноте, правильности и своевременности внесения страховых взносов в Социальный фонд Кыргызской Республики…Положение · 23.09.1999 · № 199-п · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-194" title="194-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>