# 192-статья. Атайылап жалган рекламалоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 09.08.2003 [Закон КР от 9 августа 2003 года № 193 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1319)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-192>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-192.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 192-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-192

---

(1) Реклама берүүчү тарабынан товарлар, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле аларды өндүрүүчүлөр же сатуучулар тууралу атайылап жалган маалыматты пайдалануу, милдеттүү түрдө сертификациядан же лицензиялоодон өткөрүлүүгө тийиш болгон, бирок тиешелүү сертификаты, лицензиясы болбогон продукцияны рекламалоо жеке пайда көздөөдөн улам жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салынат же болбосо жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) массалык маалымат каражаттарын пайдалануу менен жасалса;

2) олуттуу зыян келтирсе, -

үч эсе айып салынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо жүз сааттан эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга жазаланат. Эскертүү. Жеке жактар үчүн кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн жыйырма өлчөмүндө жана юридикалык жак үчүн эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө зыян келтирүү ушул статьяда олуттуу зыян катары табылат. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-191)  
Кийинки берене: [192-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-192-1)
