# 19-статья. Акыл-эси соо эместик

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 19-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-19

---

(1) Коомдук коркунучтуу жосун жасаган убакта акыл-эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда психикалык өнөкөт оорусунун, психикасынын убактылуу бузулушунун, кем акылдыгынын же болбосо психикасынын башка оорулуу абалынын кесепетинен өзүнүн аракеттерине жооп бере албаган же аларды башкара албаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт. (2) Акыл-эси соо эмес деп таанылган адамга карата сот тарабынан ушул Кодексте каралган медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-20)
