# 180-статья. Мыйзамсыз ишкердик кылуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920040..920042>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-180>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-180.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 180-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-180

---

(1) Мындай уруксат (лицензия) милдеттүү болгон учурда, ишкердик кылуу ишин каттоосуз же атайын уруксатсыз (лицензиясыз) ишке ашыруу, же лицензиялоонун шарттарын бузуу менен ишке ашыруу, эгерде бул жосун граждандарга, уюмдарга же мамлекетке ири зыян келтиргенде же ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо, - жүз сексенден үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга, же эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же болбосо зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;

2) өтө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо;

3) мурда мыйзамсыз ишкердик кылуу ишин же мыйзамсыз банк ишин жүргүзгөндүгү үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

эки миңден беш миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же зыяндын ордун толтуруп берүү менен эл алдында кечирим суроого же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул Кодекстин 180, 181, 182-статьяларында кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн ашкан суммадагы киреше ири өлчөмдөгү киреше, эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн ашкан суммадагы киреше өтө ири өлчөмдөгү киреше катары табылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [179-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-179)  
Кийинки берене: [181-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-181)
