# 18-статья. Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагы

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 августа 2003 года № 193 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1319)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.08.2003 [Закон КР от 9 августа 2003 года № 193 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1319); 08.07.2002 [Закон КР от 8 июля 2002 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1072); 21.09.1998 [Закон КР от 21 сентября 1998 года № 124 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/131)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=919982..919983>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 18-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-18

---

(1) Кылмыш жасаганга чейин он алты жашка толгон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. (2) Кылмыш жасаганга чейин он төрт жашка толгон балдар киши өлтүрүү (97-статья), саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү (104-статья), саламаттыкка атайылап анча оор эмес оор залал келтирүү (105-статья), адамды уурдоо (123-статья), адамдарды сатуу (124-статья), зордуктоо (129-статья), сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер (130-статья), уурдоо (164-статья), мал уурдоо (165-статья), тоноо (167-статья), каракчылык (168-статья), башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо (169-статья), опузалап талап кылуу (170-статья), автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу (172-статья), өрттөө аркылуу, башка жалпыга коркунучтуу ыкма менен же оор кесепеттерге алып келүү менен мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу (174-статьянын экинчи бөлүгү), терроризм (226-статья), барымтага кармоо (227-статья), оордотуучу жагдайлардагы хулиганчылык (234-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү), вандализм (235-статья), ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (245-статья), башкага берүү максатында баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же өткөрүү (247-статья), баңгилик каражаттарды же психотроптук заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу (248-статья), транспорт каражаттарын же жол катнашын жараксыз абалга келтирүү (283-статья) үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат. (КР 1998-жылдын 21-сентябрындагы № 124, 2002-жылдын 8-июлундагы № 115, 2003-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-19)
