# 178-статья. Мыйзамдуу ишкердик кылуу ишине тоскоолдук кылуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 22-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978); 31.07.2012 [Закон КР от 31 июля 2012 года № 145 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203745); 08.05.2009 [Закон КР от 8 мая 2009 года № 150 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203148); 20.02.2009 [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 58 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202529); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920054..920055>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-178>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-178.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 178-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-178

---

(1) Жеке ишкердик кылуучуну же юридикалык жакты каттоодон мыйзамга ылайыксыз баш тартуу же аларды каттоодон четтөө, белгилүү ишти жүзөгө ашырууга атайын уруксат (лицензия) берүүдөн укукка ылайыксыз баш тартуу, болбосо аны берүүдөн четтөө, жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын ошого тете алардын өз алдынчалыгын чектөө, ишкердикти жана башка иштерди жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылып жаткан жайларды карап чыгуу болбосо жеке ишкердик кылуучунун же юридикалык жактын ишине мыйзамсыз түрдө башкача кийлигишүү, эгерде бул жосундар кызмат адамы тарабынан өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен жасалса, - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнө чейин айып салуу менен беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылат. (2) Ошол эле жосундар мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысын бузуу менен жасалганда, ошого тете ири зыян келтирилгенде, - эки жүз кырктан үч жүз алтымыш саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо эсептик көрсөткүчтүн эки жүздөн үч жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен беш жылдык мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда жай деп менчигинин түрүнө карабастан ишкерлик жана башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн ылайыкташтырылган офис, өндүрүштүк цех, кампа жана башка жайлар түшүнүлөт. Кылмыш жасалган учурга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтүн беш жүз өлчөмүнөн ашкан суммада келтирилген зыян ушул главанын 178, 180, 181, 182, 184, 189, 191, 194, 197, 205, 216, 217, 218-статьяларында ири зыян деп табылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 58, 2009-жылдын 8-майындагы № 150, 2012-жылдын 31-июлундагы № 145, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [177-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-177)  
Кийинки берене: [179-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-179)
