173-статья. Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 21-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 июля 2013 года № 169
(1) Алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу менчик ээсине же мүлктүн башка ээсине уурдоо белгилери жок мүлктүк зыян келтирилгенде, - жүздөн эки жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо жүздөн эки жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда, - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнөн эки жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүгүндө каралган жосундар:
1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда;
2) ири зыян келтиргенде;
3) мурда эки же андан ашык уурулук кылгандыгы, опузалап талап кылгандыгы, болбосо алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтиргендиги үчүн соттолгон адам тарабынан жасалганда, -
эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салуу менен эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Менчик ээсине келтирген зыян өз ыктыяры менен толтурулганда, ушул статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн белгилер жок болгондо, зыян келтирген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
173-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 14.07.2008 · № 142 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-173" title="173-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>