# 172-статья. Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-172.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 172-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172

---

(1) Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу, - үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтүү, болбосо ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу аркылуу жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан, болбосо өмүргө же саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен, же ушундай зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жасалганда, - мүлкүн конфискациялоо менен он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-171)  
Кийинки берене: [172-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172-1)
