# 172-2-статья. Турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 172-2-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172-2

---

(1) Менчигинин формасына карабастан турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды өзү билип басып алуу, башкача айтканда, зомбулук көрсөтүү менен же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды басып алууга багытталган атайы аракеттер, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар, эгер алар:

1) адамдардын тобу тарабынан жасалса;

2) турак-жай жана турак-жай эмес жайлардын, имараттардын жана курулуштардын зыян тартышына алып келсе, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар:

1) өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же болбосо өлтүрөм деп коркутуу менен;

2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу башка нерселерди колдонуу менен,

3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Менчигинин формасына карабастан турак-жай жана (же) турак-жай эмес жайларды, имараттарды жана курулуштарды мыйзамсыз басып алууну уюштуруу же аны жетектөө, - сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: Эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамдары болбосо жана ал жабырлануучуга зыяндын ордун толтуруп берсе, жайларды, имараттарды же курулуштарды ыктыярдуу түрдө бошотуп берген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [172-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172-1)  
Кийинки берене: [173-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-173)
