# 172-1-статья. Жерлерди өзү билип ээлөө же басып алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 172-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172-1

---

(1) Менчигинин формасына карабастан өзү билип жер ээлеп алуу олуттуу материалдык зыян келтирсе, - эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүндө айып салууга же үч эселенген айыпка жазаланат. (2) Жер участогун өзү билип басып алуу, башкача айтканда, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен жер участогун мыйзамсыз ээлеп алууга багытталган атайы аракеттер, - бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Жер участогун массалык басууга катышуу, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) өмүргө же саламаттыкка коркунучтуу зомбулук көрсөтүү же өлтүрөм деп коркутуу менен;

2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу башка нерселерди колдонуу менен жасалса, -

беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (5) Жер участогун мыйзамсыз басып алууну уюштуруу же жетектөө, - жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьяда кылмыш жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн элүү эсе ашкан зыян - олуттуу өлчөмдөгү зыян деп таанылат. Эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамдары болбосо жана ал жабырлануучуга зыяндын ордун толтуруп берсе, жер участогун ыктыярдуу түрдө бошотуп берген адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2012-жылдын 31-июлундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [172-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172)  
Кийинки берене: [172-2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172-2)
