# 171-статья. Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920025..920026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-171>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-171.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 171-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-171

---

(1). Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу - жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -

үч эселенген айыпка же жүздөн беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейин мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3) Ошол эле жосун ири өлчөмдө жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле жосун:

1) өзгөчө ири өлчөмдө;

2) кызмат абалын пайдалануу менен;

3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-170)  
Кийинки берене: [172-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-172)
