# 170-статья. Опуза талап

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920025..920026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-170>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-170.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 170-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-170

---

(1) Опуза талап, башкача айтканда зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же башка бирөөнүн мүлкүн талкалайм же сындырам деп коркутуу, ага тете эле жабырлануучуну же анын жакын туугандарын маскаралаган маалыматтарды, же болбосо жабырлануучунун же анын жакын туугандарынын укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон башка маалыматтарды таратам деп коркутуу менен башка бирөөнүн мүлкүн же мүлккө карата укугун талап кылуу же мүлктүк мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо, - үч эселенген айып салууга же үч жылга чейинки түзөтүү жумуштарына тартууга, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун:

1) зомбулук көрсөтүү менен;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосун:

1) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү менен;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

3) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү алуу максатында;

4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [169-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-169-1)  
Кийинки берене: [171-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-171)
