# 169-1-статья. Тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулуктарга ээ буюмдарды же документтерди уурдоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-169-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 169-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-169-1

---

(1) Уурдоо ыкмасына карабастан тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулуктарга ээ нерселерди же документтерди уурдоо, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) уюшкан топ тарабынан;

4) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -

эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн нерселерди же документтерди жок кылууга, бузууга же талкалоого алып келген ошол эле жосундар, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-169)  
Кийинки берене: [170-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-170)
