Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
169-1-статья. Тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулуктарга ээ буюмдарды же документтерди уурдоо
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 21-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Уурдоо ыкмасына карабастан тарыхый, илимий, көркөм же маданий баалуулуктарга ээ нерселерди же документтерди уурдоо, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) уюшкан топ тарабынан;
4) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -
эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн нерселерди же документтерди жок кылууга, бузууга же талкалоого алып келген ошол эле жосундар, - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүгө чейинки өлчөмүндө айып менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 159 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-169-1" title="169-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>