# 168-статья. Каракчылык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920025..920026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-168>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-168.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 168-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-168

---

(1) Каракчылык, башкача айтканда өмүргө же ден соолукка коркунучтуу болгон зомбулук көрсөтүү менен, же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатындагы кол салуу, - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле аракет:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) олуттуу өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:

1) ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;

2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу нерселерди колдонуу менен;

3) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү менен жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер:

1) өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлктү ээлеп алуу максатында;

2) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

3) турак жайга, имарат жайга же болбосо башка сактоочу жайга кирүү менен;

4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-167)  
Кийинки берене: [169-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-169)
