# 166-статья. Алдамчылык

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920025..920026>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-166>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-166.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 166-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-166

---

(1) Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу менен бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлк укугуна ээ болуу, - жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же үч эселенген айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле аракеттер:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) кыйла чоң өлчөмдө жасалганда, -

элүүдөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер ири өлчөмдө жасалганда, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер:

1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

2) өзгөчө ири өлчөмдө;

3) кызмат абалынан пайдалануу менен;

4) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-165)  
Кийинки берене: [167-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-167)
