# 165-статья. Мал уурдоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 декабря 2011 года №244 " О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203508)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.12.2011 [Закон КР от 21 декабря 2011 года №244 " О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203508); 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920034..920035>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-165>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-165.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 165-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-165

---

(1) Мал уурдоо, башкача айтканда башканын малын билгизбей уурдап кеткенде, - үч эселенген айып же эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат, болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле аракеттер:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:

1) турак-жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же мал короого, мал камалган тосмого кирүү менен;

2) ири өлчөмдө жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен же анысы жок беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер:

1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

2) өзгөчө ири өлчөмдө жасалганда;

3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 244 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [164-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-164)  
Кийинки берене: [166-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-166)
