# 164-статья. Уурдоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 21-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978); 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920054..920055>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-164>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-164.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 164-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-164

---

(1) Уурдоо, башкача айтканда бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдап кетүү,- жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга, жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч эселенген айып салууга, же болбосо алты айлык мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен көпчүлүк алдында кечирим суроого жазаланат. (2) Ошол эле аракеттер:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) олуттуу өлчөмдө жасалганда, -

үч эселенген айып салууга же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле аракеттер:

1) жабырлануучунун кийимдеринен же жанындагы кол жүгүнөн уурдалганда (чөнтөк уурулугу);

2) турак жайга же башка сактоочу жайга мыйзамсыз кирүү менен;

3) ири өлчөмдө жасалганда, -

үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер:

1) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

2) өзгөчө ири өлчөмдөрдө;

3) уурулук кылгандыгы же болбосо опузалап талап кылгандыгы үчүн мурда эки же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалганда, -

мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү: 1. Башка бирөөнүн мүлкүн укукка жат түрдө айыпкердин же башка адамдардын пайдасына акысыз алып коюу, ал жеке пайда көрүү максатында жасалганда, менчик ээсине же бул мүлктүн башка ээсине зыян келтиргенде, мунун өзү уурдоо катары түшүндүрүлөт.

2. Ушул главанын статьяларында каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы уурдоо жасалган учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн жыйырма эсеге ашса, олуттуу өлчөмдө жасалган деп табылат.

3. Ушул главанын статьяларында каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы кылмыш жасалган учурдагы каралган жосундар, эгерде уурдалган мүлктүн наркы кылмыш жасалган учурдагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн он миң эсеге көп болсо, ал эми өзгөчө - ири өлчөмдө жыйырма беш миң эседен ашып кетсе - өзгөчө ири өлчөмдө жасалган деп таанылат.

(КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [163-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-163)  
Кийинки берене: [165-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-165)
