160-1-статья. Балдарды асырап алуу боюнча мыйзамсыз аракеттер
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 20-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Асырап алууну каалаган адамдардын атынан же кызыкчылыктарында балдарды асырап алууга тандоо жана өткөрүп берүү боюнча аракеттер, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ыйгарым укук берилбеген адам тарабынан ушундай эле укук бузуу үчүн администрациялык жаза-чарасы салынгандан кийин бир жылдын ичинде жүзөгө ашырылганда, ошого тете ал адам тарабынан пайда табуу максатында балдарды асырап алууга макул болууга көндүргөндө - элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же андай кылбастан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
160-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-160-1" title="160-1-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>