# 150-статья. Автордук, чектеш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 58 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202529)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.02.2009 [Закон КР от 20 февраля 2009 года № 58 "О внесении дополнений и изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202529); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920016..920017>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 150-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-150

---

(1) Автордук укуктун же чектеш укуктардын объекттерин мыйзамсыз пайдалануу ошого тете эле, сатуу максатында чыгармалардын же (жана) фонограммалардын, ЭЭМ үчүн программалардын контрафакттык нускаларын сатып алуу, сактоо, ордун которуу же жасоо, ошондой эле ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди же өнөржай үлгүсүн, ЭЭМ программасын же маалыматтар базасын мыйзамсыз пайдалануу, автордун же арыз ээсинин макулдугусуз ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин же өнөржай үлгүсүнүн маани-маңызын алар жөнүндөгү маалыматтар расмий жарыяланганга чейин жарыя кылуу, эгерде мындай жосундар ири зыян келтирүү менен же ири өлчөмдө киреше табуу максатында жасалса, - үч эселенген айып салууга, же жети жүздөн бир миң беш жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен же ансыз үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалган же өзгөчө ири зыян келтирүү менен же өзгөчө ири өлчөмдө киреше табуу максатында жасалган жосундар, - үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч эселенген айып салууга, же болбосо бир миң беш жүздөн үч миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматты ээлөө, же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде зыяндын же пайданын өлчөмү же болбосо пайдалардын суммасы эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эсе ашып кетсе, ири зыян келтирүү менен же ири өлчөмдөгү пайда табуу максатында жасалган болуп таанылат, ал эми жосундар, эгерде зыяндын же пайданын өлчөмү же пайдалардын суммасы, кылмыш жасалган күнгө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн миң эсе ашып кетсе, өзгөчө ири зыян келтирүү же өзгөчө ири өлчөмдөгү пайда табуу максатында жасалган болуп таанылат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 20-февралындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [149-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-149)  
Кийинки берене: [151-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-151)
