147-статья. Диний ырым-жырымдарды аткарымыш болуп инсанга жана граждандын укуктарына шек келтирүү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 19-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Диний окууларды үйрөтүмүш жана диний ырым-жырымдарды аткарымыш болуп, граждандардын саламаттыгына зыян келтиргенде же инсанга же граждандын укуктарына башкача шек келтиргенде, же граждандарга коомдук иштен же граждандык милдеттерди аткаруудан баш тартууга түрткү берүү менен коштолгон иш жүргүзгөн топту уюштуруу же ага жетекчилик кылуу, ошого тете бул топко жашы жете электерди тартуу, - жүз сексенден эки жүз кырк саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же жүз элүүдөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн топтун ишине жигердүү катышуу, ошого тете аларда көрсөтүлгөн жосундарды жасоого багытталган үзгүлтүксүз пропаганда жүргүзүү, - сексенден жүз сексен саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын жосундары жана аларды жасаган адамдар коомго анча коркунуч келтирбесе, аларга карата коомдук таасир көрсөтүү чаралары колдонулушу мүмкүн. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
147-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
- О внесении изменений в уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиЗакон · 12.03.1998 · № 18 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-147" title="147-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>