# 140-статья. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 19-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 26 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111534)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920090..920080>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 140-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-140

---

(1) Шайлоолорду өткөрүү мезгилинде шайлоочулардын добуштарын акча каражаттарын төлөө же болбосо таратуу, материалдык баалуулуктарды тапшыруу же кандайдыр бир кызмат ордун же башка убайларды алууга көмөктөшүү жолу менен сатып алуу - эсептик көрсөткүчтүн бир миң өлчөмүнөн үч миң өлчөмүнө чейин айып салууга же болбосо бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка шайланма органдарына талапкер, ошондой эле алардын жакын туугандары, шайлоо комиссияларындагы өкүлдөрү, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ишенимдүү адамдары, байкоочулары тарабынан жасалган ошол эле аракет - эсептик көрсөткүчтүн үч миң өлчөмүнөн беш миң өлчөмүнө чейин айып салууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2017-жылдын 20-февралындагы № 26 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [139-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-139)  
Кийинки берене: [140-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-140-1)
