# 131-статья. Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2018 [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816); 09.07.2013 [Закон КР от 9 июля 2013 года № 126 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203934)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920051..920052>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 131-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-131

---

(1) Шантаж, жок кылам, зыянга учуратам же мүлкүңдү алып коем деп коркутуу же жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) материалдык же башка жагынан көз карандылыгынан пайдалануу менен адамды жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбиянчылыкка же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди жасоого мажбурлаганда, - эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган жосундар:

1) жашы жете элек адамга карата жасалса;

2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;

үчтөн жети жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз экиден беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, - жетиден он беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз бештен сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126, 2018-жылдын 4-августундагы N 84 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-130)  
Кийинки берене: [132-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-132)
