# 130-статья. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2018 [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816); 09.07.2013 [Закон КР от 9 июля 2013 года № 126 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203934); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920051..920052>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 130-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-130

---

(1) Жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же болбосо жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) алсыз абалынан пайдалануу менен бачабаздык, лесбиянчылык же сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер жасалганда, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) ушул главанын статьяларында каралган сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерди мурда жасаган адам тарабынан жасалганда;

2) адамдардын тобу тарабынан;

3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;

4) өлтүрөм деп коркутуу же саламаттыгына оор залал келтирүү менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) же башка адамдарга карата өзгөчө катаалдык менен жасалганда;

5) жабырлануучуга (жабырлануучу аялга) жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде;

6) (КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар, эгерде алар:

1) жашы жете элек адамга карата жасалса;

2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим, тарбия берүү, дарылоо же башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;

3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктиктин) мүчөсү тарабынан жасалганда;

4) байкабастыктан жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) саламаттыгына оор залал келтирүүгө, ага (ал аялга) ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келсе;

5) жабырлануучунун (жабырлануучу аялдын) өлүмүнө алып келсе, -

жетиден он беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз он бештен жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле жосундар жаш адамга карата жасалганда, - ондон жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жыйырма жылдык мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2003-жылдын 24-августундагы № 199, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2013-жылдын 9-июлундагы № 126, 2018-жылдын 4-августундагы N 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [129-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-129)  
Кийинки берене: [131-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-131)
