# 129-статья. Зордуктоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 18-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2018 [Закон КР от 4 августа 2018 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об общих принципах помилования")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111816); 09.07.2013 [Закон КР от 9 июля 2013 года № 126 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203934)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920051..920052>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 129-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-129

---

(1) Зордуктоо, башкача айтканда жабырлануучуга же башка адамдарга психикалык жана кара күч зомбулугун көрсөтүү, зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен, ошого тете жабырлануучунун алсыз абалынан пайдалануу менен жабырлануучунун каалоосуна жана эркине каршы жыныстык катнашта болгондо, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Зордуктоо:

1) ушул главанын статьяларында каралган кылмыштар үчүн мурда соттолгон адам тарабынан жасалганда;

2) адамдардын тобу тарабынан жасалганда;

3) алдын-ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;

4) өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгондо, ошондой эле жабырлануучуга же башка адамдарга карата өзгөчө ырайымсыздык менен жасалганда;

5) жабырлануучуга жыныстык ооруну жуктурууга алып келгенде, -

сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Зордуктоо:

1) жашы жете электерге карата жасалганда;

2) атасы же мыйзамда жашы жете электи тарбиялоо милдети жүктөлгөн башка адам, ошого тете мыйзамда жашы жете электерди көзөмөлдөө милдети жүктөлгөн билим берүү, тарбиялоо, дарылоо же болбосо башка мекеменин педагогу же башка кызматкери тарабынан жасалганда;

3) уюшкан кылмыштуу топтун (шериктиктин) мүчөсү тарабынан жасалганда;

4) жабырлануучуга ВИЧ-жугуштуу ооруну жуктурууга же башка оор кесепеттерге алып келгенде;

5) жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, -

жетиден он беш жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз он бештен жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ошол эле аракеттер жаш балага карата жасалганда, - ондон жыйырма жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызмат ордун ээлөө же белгилүү иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же ансыз жыйырма жылдык мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул статьянын үчүнчү бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган башка оор кесепеттер деп: жабырлануучунун өзүн-өзү өлтүрүшүн же өзүн-өзү өлтүрүүгө кол салуу, анын психикасынын бузулушун, күнөөлүү адам тарабынан жабырлануучунун ден соолугуна ар кандай түрдөгү оор залал келтирүүнү (жасалган зордуктоонун натыйжасында боюнда болуп калууну, жатындын тышына боюна бүтүп калууну, боюнан түшүүнү, бала төрөө мүмкүнчүлүгүн жоготууну, жыныстык катышуу мүмкүнчүлүгүн жоготууну же бала төрөөнү), анын ичинде залал келтирүү учурундагы өмүргө коркунуч келтирген аракеттерди түшүнүү керек. Он сегиз жашка толо элек адам жашы жете элек болуп эсептелет. Ал эми он төрт жашка толо элек жаш бала болуп эсептелет. (КР 2013-жылдын 9-июлундагы № 126, 2018-жылдын 4-августундагы N 84 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-128)  
Кийинки берене: [130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-130)
