# 125-1-статья. Эмгекти мажбурлоо менен пайдалануу (кулчулук эмгек)

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-125-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 125-1-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-125-1

---

(1) Адам ага карата менчик укугуна таандык аракеттердин колдонулушунан улам өзүнө көз каранды болбогон себептер боюнча баш тарта албаган иштерди (кулчулук эмгек) аткаруу үчүн адам эмгегин мажбурлоо менен пайдалануу,- үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосун:

1) эки же андан ашык адамдарга карата;

2) жашы жетпегенге карата;

3) өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган адам тарабынан;

4) коркутуп-үркүтүү, зомбулук же аны колдонуу коркунучу менен;

5) жабыр тарткандын инсандыгын ырастаган документтерин алып коюу, жашыруу же болбосо жок кылуу менен жасалганда,-

үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү менен каралган жосун:

1) билип туруп жаш балага карата.

2) жабырлануучунун ден соолугуна оор залал келтирүү, башка оор кесепеттерге же жабырлануучунун өлүмүнө алып келген;

3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда,-

жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2011-жылдын 27-октябрындагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-125)  
Кийинки берене: [126-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-126)
