125-статья. Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы · 17-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июня 2007 года № 91
(1) Кызматтык кылмыштын белгилерин көрсөтпөстөн, адамды зордоп кармап туруу менен басып жүрүү эркиндигин чектөө, - үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же болбосо үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:
1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зомбулук көрсөтүү менен;
3) курал же башка курал катарында пайдаланылган нерселерди колдонуу менен;
4) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон балага карата;
5) эки же андан ашык адамга карата;
6) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата жасалганда, -
үч жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса же байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, - жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
125-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 августа 2003 года № 193 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 11.06.2003 · № 98
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/568/st-125" title="125-статья - Кылмыш Жаза (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>