# 124-статья. Адамдарды сатуу

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 ноября 2011 года № 204 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203443)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.11.2011 [Закон КР от 10 ноября 2011 года № 204 "О внесении изменения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203443); 17.12.2009 [Закон КР от 17 декабря 2009 года № 309 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203237); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 05.01.2006 [Закон КР от 5 января 2006 года № 1 "О внесении изменений и дополнения в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1789); 09.08.2003 [Закон КР от 9 августа 2003 года № 193 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1319)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920033..920034>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 124-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-124

---

(1) адамдарды сатуу - эксплуатациялоо же болбосо башка пайда та- буу максатында адамды жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, алуу, өткөрүп берүү, сатып алуу-сатуу же мажбурлоо, шантаж, алдамчылык, алдоо, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган анын макулдугу менен же макулдугусуз жасалган башка мыйзамсыз бүтүм,- беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) бир нече адамга карата;

2) жашы жетпегендерге карата;

3) (КР 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобу тарабынан;

5) бийликти кыянаттык менен же кызмат абалынан пайдалануу жолу менен;

6) күнөөлүү адамга материалдык же дагы башка жагынан көз каранды болгон адамга карата;

7) адамды чет өлкөгө мыйзамсыз алып кетүүгө же чет өлкөдөн мыйзамсыз алып келүүгө байланыштуу;

8) адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулук көрсөтөм деп коркутуу же аны колдонуу менен жасалганда;

9) жасалма документтерди пайдалануу менен, ага тете эле жабырлануучунун инсандыгын күбөлөндүргөн документтерди алып коюу, жашыруу же болбосо жок кылуу менен,-

мүлкүн конфискациялоо менен сегизден он беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен жазаланат. (3) ошол эле жосун:

1) трансплантациялоо үчүн адамдын органдарын же ткандарын алуу максатында;

2) коркутуу же адам өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучтуу зордук-зомбулук колдонуу менен;

3) күнөөлүү адам үчүн кош бойлуулугу белгилүү болгон аялга карата;

4) жашы жетпегенге карата;

5) курал-жарак же болбосо курал-жарак катары пайдаланылган нерселерди колдонуу менен;

6) көптөгөн адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунучтуу ыкма менен жасалса;

7) байкабастыктан адамдын өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе;

8) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, -

мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Адамды кылмыштуу ишке тартуу, сойкулукка же сексуалдык иштин башка түрлөрүнө, мажбурлаган эмгекке же кызмат көрсөтүүлөргө, кулчулукка мажбурлоо, коммерциялык максаттарда асырап алуу (баланы же кызды), куралдуу кагылыштарга пайдалануу эксплуатациялоо катары түшүнүлөт. Адамдарды соодалоонун курмандыгы болуп калган адам, эгерде ал адамдарды соодалоо процессин уюштуруучуларды, аткаруучуларды жана кошо аткаруучуларды табууда жана жазык жоопкерчилигине тартууда укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, жазык укук бузуусуна жаткан аракеттерди жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2006-жылдын 5-январындагы № 1, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2009-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2011-жылдын 10-ноябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-123)  
Кийинки берене: [125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-125)
