# 123-статья. Адамды уурдоо

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 17-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124); 09.08.2003 [Закон КР от 9 августа 2003 года № 193 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1319); 08.07.2002 [Закон КР от 8 июля 2002 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1072)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920004..920005>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 123-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-123

---

(1) Адамды анын эркине койбостон уурдап кетүү, алдоо, болбосо дагы башка жол менен же адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтуу болбогон зомбулук көрсөтүү менен ушул Кодекстин 227-статьясында каралган кылмыштын белгилерин жасабастан, аны туруктуу же убактылуу жашап турган жеринен алып кетип же аны баштагы турган жеринен айырмаланган жерде кармап туруу, - үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өмүргө жана саламаттыкка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү менен;

3) курал же курал катарында пайдаланган нерселерди колдонуу аркылуу;

4) жашы жете элек экендиги белгилүү болгон жашы жетпегендерге карата;

5) күнөөкөр үчүн кош бойлуу экендиги белгилүү болгон аялга карата;

6) эки же андан ашык адамга карата;

7) пайда табуу максатында жасалганда, -

беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган жосундар акча алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктан жаш балага (кызга) карата, же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса же болбосо байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келсе, - он жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Эгерде уурдаган адамдын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, уурдалган адамды өз ыктыяры менен бошоткон адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Он төрт жашка толо элек адам жаш бала (кыз) деп эсептелет. (КР 2002-жылдын 8-июлундагы № 115, 2003-жылдын 9-августундагы № 193, 2003-жылдын 24-августундагы № 199 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-122)  
Кийинки берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-124)
