# 105-статья. Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111467)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.11.2016 [Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111467); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 169 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203978); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920077..920078>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 105-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-105

---

(1) Саламаттыкка атайылап өмүргө коркунуч келтирбеген жана ушул Кодекстин 104-статьясында каралган кесепеттерге алып келбеген, бирок саламаттыктын узакка начарлашына же эмгекке жарактуулугунун үчтөн бирин олуттуу түрдө туруктуу жоготууга алып келген анча оор эмес залал келтирилгенде, - эки жүз элүүдөн үч жүз элүү саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга же болбосо үч жүздөн төрт жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо зыяндын ордун толтуруу менен көпчүлүк алдында кечирим суроого, же болбосо бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) эки же андан ашык адамга карата;

2) кызматтык ишин же коомдук парзын аткарып жүргөн адамга же анын жакындарына карата;

3) жабырлануучуну мазактоо же кыйноо менен, ошого тете күнөөлүүгө алсыз абалда экендиги белгилүү болгон адамга же жаш балага карата;

4) адамдардын тобу тарабынан алдын ала макулдашуу боюнча;

5) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

6) хулигандык максаттарда;

7) мурда жабырлануучунун саламаттыгына атайылап оор залал келтирген же ушул Кодекстин 97-статьясында каралгандай киши өлтүргөн адам тарабынан жасалганда, -

төрт жүздөн жети жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка, же болбосо эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 18-июлундагы № 151, 2013-жылдын 30-июлундагы № 169, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [104-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-104)  
Кийинки берене: [106-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-106)
