# 104-статья. Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү

- Документ: [Кылмыш Жаза](https://aqlex.ai/kg/doc/568)
- Документтеги орду: 16-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 1-октябрындагы № 68 "Кылмыш Жаза" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 01.10.1997
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111467)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.11.2016 [Закон КР от 24 ноября 2016 года № 188 "О внесении изменений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111467); 25.06.2007 [Закон КР от 25 июня 2007 года № 91 "О внесении изменений и дополнений в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, в Законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "О прокуратуре Кыргызской Республики", "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений", "Об общих принципах амнистии и помилования", "О введении в действие Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики" и "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/568#diff=920077..920078>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-10/edition/919969/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/568/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кылмыш Жаза, 104-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-104

---

(1) Саламаттыкка, өмүргө коркунуч келтирген же көрбөй, сүйлөбөй, укпай калууга же кайсы бир мүчөсүнөн ажыратууга же дененин бир мүчөсүнүн иштебей калышына, психикалык дартка чалдыгышына же саламаттыгынын башка бузулушуна алып келген оор залал келтирилгенде, бул эмгекке жарамдуулугунун үчтөн бирин туруктуу жоготуу менен коштолгондо же боюнан түшүүгө, же болбосо бети, башына өчпөс так салууга алып келгенде, - беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (2) Ошол эле жосундар:

1) кош бойлуу экендиги айыпкерге белгилүү болгон аялга карата;

2) өзүнүн кызматтык же коомдук парзын аткарган адамга же анын жакындарына карата;

3) кыйноого жана азап-тозокко салган ыкма менен;

4) пайда табуу максатында, ошого тете жалданып жасалганда;

5) хулигандык максаттарда;

6) уурдалган же барымтага алынган адамга карата жасалганда;

7) жабырлануучунун бир мүчөсүн же денесинин бир жерин алуу максатында;

8) башка кылмышты жасоону жеңилдетүү максатында;

9) адамдардын тобу тарабынан;

10) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалса, -

11) алсыз абалда экендиги күнөөлүүгө белгилүү болгон адамга же жаш балага карата жасалганда, -

алты жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (3) Ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган ушул эле жосундар:

1) эки же андан ашык адамга карата;

2) өзгөчө мыкаачылык менен;

3) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан;

4) мурда ушул Кодекстин 97-статьясында каралган киши өлтүргөн адам тарабынан жасалганда, -

сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (4) Ушул статьянын биринчи, экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган жосундар байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келгенде, - сегиз жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. (КР 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-103)  
Кийинки берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/568/st-105)
