# 6-статья

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/567)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябры № 67 "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 67
- Кабыл алынган күнү: 25.09.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.08.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 января 2022 года № 9 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О географических названиях в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112347)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/567#diff=1246423..1246424>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/567/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-535/edition/1246420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/567/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө, 6-статья (09.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/567/st-6

---

Административдик-аймактык бирдиктердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдардын аталышын адамдардын аттары менен атоого жана кайра атоого тыюу салынат, буга төмөнкү учурлар кирбейт, эгерде:

1) адамдар географиялык объекттердин ачылышына, изилденишине, өздөштүрүлүшүнө же негизделишине түздөн-түз катышкан болсо;

2) көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимдин, маданияттын өкүлдөрү жана тарыхый инсандар мамлекетке эмгек сиңирген болсо.

Географиялык объекттерди кайра атоого айрым географиялык объекттерге өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүү максатында жол берилет. Географиялык объекттерди кайра атоо боюнча бардык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт. (КР 2022-жылдын 20-январындагы N 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/567/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/567/st-7)
