Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө
кырдаалдар министрлиги жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (мындан
ары - Министрлик) калкты табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кыр-
даалдан коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу,
өндүрүштүн технологиялык, техникалык коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү,
өрт көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагындагы милдеттерди чечүү боюнча иш мил-
деттерди ишке ашыруучу аткаруучу мамлекеттик бийликтин борбордук органы
болуп саналат.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жа-
на буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыла-
рын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер,
администрациялык ведомстволор, эларалык жана өкмөттүк эмес уюмдар менен
тикелей жана ведомстволук баш ийүүдөгү органдары аркылуу өзара аракет-
тенүү менен жүргүзөт.
4. Министрликти каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын,
өзгөчө кырдаалды жоюу фондуна чегерүүлөрдүн эсебинен, ошондой эле Кыр-
гыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан
жүргүзүлөт.
5. Министрлик юридикалык жак болуп саналат, өзүнүн айырмалоо бел-
гилерине жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана
аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрүнө, штампына ээ,
Кыргыз Республикасынын: Экономика жана финансы министрлигинин Борбордук
казначылыгында эсеп-кысабы жана башка эсептери болот.
II. Министрликтин максаттары жана
милдеттери
6. Министрликтин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты жана аймактарды табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө
кырдаалдардан коргоо, жарандык коргонуу, гидрометеорология, өрт
көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп
чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча ишти
жана өзгөчө кырдаалдардын алдына алуу жана жоюунун бирдиктүү мамлекет-
тик системасынын чегинде мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын ишин
башкаруу жана уюштуруу;
- коркунучтуу өндүрүштүк объекттерде кыйроолордун, өндүрүштүк мер-
тинүүнүн алдын алуу;
- жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды эртелеп алдын алуу систе-
масы, экономика объекттеринин туруктуу иштешин жогорулатуу, өзгөчө кыр-
даалдардан, өрттөн, өнөржай жана өндүрүштүк коркунучтардан коргоонун
натыйжалуу ыкмалары жагында илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук
иштерди жүргүзүү.
7. Министрликтин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- коркунучтуу табыгый, техногендик процесстерге жана кубулуштарга
мониторинг жүргүзүүнү жана болжолдоону ишке ашыруу, өзгөчө кырдаалдар-
дын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жана оорчулуктун масштабы
жана даражасы боюнча аларга баа берүү;
- жарандык коргонуунун, мамлекеттик өрткө каршы кызматтын башкаруу
органдарын, күчүн жана аскерлерин калкты жана аймактарды табыгый жана
техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча иш-чараларды
жүргүзүүгө туруктуу даярдыкта кармоо;
- республиканын аймагында технологиялык, техникалык жана өнөржай
коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жана коркунучтуу өндүрүштөр менен
объекттерге тоо-кен көзөмөлүн уюштуруу жана жүргүзүү;
- гидрометеорологиялык жана агрометеорологиялык божомолдордун бар-
дык түрлөрүн түзүү жана өркүндөтүү.
III. Министрликтин иш-милдеттери
8. Министрликтин негизги иш-милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан
коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеоро-
логиялык, технологиялык, техникалык жана өндүрүштөгү өнөржай коопсузду-
гу жана тоо-кен көзөмөлү, мамлекеттик өрткө каршы кызмат жагында башка-
руунун бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүү;
- четөлкөлөр жана эларалык уюмдар менен кызматташуу боюнча мамле-
кеттик саясатты жүргүзүү, калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү
өзгөчө кырдаалдардан коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык
коргонуу, гидрометеорологиялык, технологиялык, техникалык жана
өндүрүштөгү өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү, мамлекеттик
өрткө каршы кызмат жагында өкмөттөр аралык жана мамлекеттер аралык ма-
кулдашууларды, келишимдерди, конвенцияларды аткарууну камсыз кылуу. Ми-
нистрликтин алдына коюлган милдеттерди аткарууну камсыз кылуу максатын-
да инвестицияларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш
киргизүү;
- калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан
коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеоро-
логиялык, технологиялык, техникалык жана өндүрүштөгү өнөржай коопсузду-
гу жана тоо-кен көзөмөлү, мамлекеттик өрткө каршы кызмат маселеси боюн-
ча артыкчылыктуу багыттарды аныктоо жана илим-изилдөө иштерин жүргүзүү,
ошондой эле кадрларды даярдоо жагында башка мамлекеттик органдар жана
уюмдар менен өзара аракеттенүү;
- калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан
коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеоро-
логиялык, технологиялык, техникалык жана өндүрүштөгү өнөржай коопсузду-
гу жана тоо көзөмөлү, мамлекеттик өрткө каршы кызмат жагында ченемдик
укуктук актыларды иштеп чыгуу жана конференцияларды, семинарларды, кон-
курстарды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүү жолу менен би-
лимдерди пропагандалоону жана жайылтууну уюштуруу.
Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жана жарандык коргонуу
жагында Министрлик:
- Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусуна даярдык көрүү Пла-
нын иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премь-
ер-министринин бекитүүсүнө берет;
- коркунучтуу табыгый процесстерге мониторинг жүргүзөт, коркунуч-
туу табыгый кубулуштардын мүмкүн болуучу активдешүүсүнө кыска мөөнөттүү
жана узак мөөнөттүү божомолдорун, министрликтер, ведомстволор, жерги-
ликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ишканалар жана уюмдар милдеттүү
түрдө аткара турган жазма буйруктарды даярдайт жана берет;
- адамдардын өмүрүн жана денсоолугун, материалдык жана маданий
байлыктарды коргоо, ошондой эле экономиканын жана социалдык чөйрөнүн
тармактарынын өзгөчө кырдаалдарда туруктуу иштешин жогорулатуу макса-
тында кызыкдар уюмдар менен бирдикте илим-изилдөө жана тажрыйба-конс-
труктордук иштерди уюштурат;
- Министрликтин региондук жана аймактык түзүмдөрү менен бирдикте
жарандык коргонуунун иш-чараларын жүргүзүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуусунун кабарлоо жана бай-
ланыш мамлекеттик системасынын иштешине жетекчилик кылат;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өзгөчө
кырдаалдар коркунуч келтирген жана келип чыккан шартта аракеттенүүгө
даярдык көрүү планын иштеп чыгууга түздөн-түз жетекчилик кылат;
- өтө коркунучтуу объекттерге байкоо жүргүзүү жана лабораториялык
контролдоо тармагына кирген уюмдардын, региондук, аймактык, ведомство-
лук жана функциялык системалары менен звенолорунун ишин координация-
лайт;
- жарандык коргонуу күчтөрүнүн курамын аныктайт, алардын курамында
туруктуу даярдыктагы күчтөрдү, кыйроодон-куткаруучу кызматтарды түзөт,
алардын өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдыгын камсыз кылууну уюш-
турат;
- жарандык коргонуунун жетекчисин, командалык-башкаруучу курамын,
мамлекеттик бийлик органдарынын, уюмдардын, мекемелердин, кызмат адам-
дарын, анын ичинде келишимдик негизде даярдоону жана окутууну уюштурат
жана өткөрөт, калкты өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүүгө даярдайт;
- заказдарды түзөт, аларды уюмдарга жайгаштырат, келишимдерди
түзүүнү уюштурат жана Министрликтин кыйроодон-куткаруучу түзүлүштөрүн,
аскердик бөлүктөрүн жана мекемелерин жабдуу үчүн жабдууларды, механизм-
дерди, материалдарды жана башка мүлктү даярдоону жана берүүнү каржы-
лайт;
- алдын алуу, кыйроодон-калыбына келтирүү иштеринин программаларын
жана мониторингдин натыйжасы жана тийиштүү мамлекеттик органдардын че-
чимдери, директивалык документтер боюнча корутундулардын, рекомендация-
лардын негизинде башка иш-чараларды түзөт;
- Министрликтин балансында турган консервацияланган калдык сакта-
луучу жайларга жана кен шилендилерине көзөмөлдүк жүргүзөт;
- курулуш, оњдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө жана матери-
алдык ресурстардын колтийбес запастарын түзүүдө товарларды, берүүгө, иш
аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө (бөөдө кырсыктын, кыйроолордун, алаа-
маттардын кесепеттерин жоюуда куткаруучу жана башка кечиктирилгис иш-
терге, ошондой эле биринчи кезектеги коргоо жана кыйроодон-калыбына
келтирүү иштерине байланышкан сатып алуулардан тышкары) Кыргыз Респуб-
ликасынын мыйзамдарына ылайык тендер өткөрөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте өзгөчө
кырдаалдын аймагындагы жапа чеккен калктын жашоо-турмушун биринчи ке-
зекте камсыз кылууну уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдын залалдарын жоюу жана жапа чеккен калкка акысыз
материалдык жардам көрсөтүү үчүн башка өлкөлөрдөн жана эларалык уюмдар-
дан келген гуманитардык жардамды кабыл алат жана бөлүштүрөт;
- өзгөчө учурларда пайдалануу үчүн материалдык ресурстардын кол
тийбес запасын түзөт;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча кыйроодон-куткаруу
жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон күч жана
каражаттардын санын аныктайт, аларды кырсык болгон аймактарга жайгашты-
рууну уюштурат, кырсык болгон аймактардан калкты көчүрүү жана аларга
биринчи кезектеги жардам көрсөтүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары-
нын жана коомдук уюмдардын аракеттерин координациялайт;
- жарандык коргонуунун региондук жана аймактык түзүлүштөрүн, кут-
каруучуларды, коомдук уюмдарды жана жарандарды, уюмдарды, ишканаларды
жана менчигинин түрүнө карабастан алардын техникалык каражаттарын кый-
роодон-куткаруу, кыйроодон-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө, өзгөчө
кырдаалдын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларга белгиленген тартип-
те тартат;
- калкты табыгый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан
коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу, өзгөчө кырда-
алдардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу, кырсык болгондо
жардам көрсөтүү менен байланышкан маселелер жагында эларалык кызматташ-
тыкты жүргүзөт, бул багытта эларалык тажрыбаны үйрөнүүнү, жалпылоону
жана жайылтууну уюштурат;
- кайсы ведомствого таандык экендигине карабастан кыйроодон-кутка-
руучу бөлүмдөрдү (түзүлүштөрдү) даярдоо программасын иштеп чыгууну ко-
ординациялайт жана макулдашат, белгиленген тартипте кыйроодон-куткаруу-
чу бөлүмдөрдүн (түзүлүштөрдү), диспетчердик жана нөөмөттүк кызматтардын
кызматкерлерин, куткаруучуларды, ыктыярдуу куткаруучу уюмдарды
(түзүлүштөрдү) сертификат берүү менен аттестациялайт. Адамдардын өмүрүн
коргоо жана сактоо жагындагы коомдук уюмдарды, окуу-жайларын аккредита-
циялайт;
- ири кыйроолордун, алааматтардын жана бөөдө кырсыктардын кесепет-
терин жоюу, бул максаттар үчүн зарыл болгон жарандык коргонуунун
күчтөрүн жана каражаттарын түзүү жана даярдыгын камсыз кылуу боюнча иш-
ти координациялайт;
- министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-
домстволор менен бирдикте мобилизациялык резервдин материалдык байлык-
тарын топтоонун номенклатурасын жана ченемин иштеп чыгат жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берет;
- жарандык коргонуунун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттер-
дин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү өзалдынча башка-
руу органдарынын калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо бо-
юнча иш-чараларды башкарууну жана алардын аракеттерин координациялайт;
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу, жарандык коргонуу жа-
гында мамлекеттик саясат боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Жарандык
коргонуу планын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин бекитүүсүнө киргизет;
- калкты коргоочу курулуштар, жеке, медициналык коргоо каражаттары
жана жарандык коргонуунун экинчи топтогу мүлкүнүн башка түрлөрү менен
камсыз кылуу боюнча иш-чараларды координациялайт;
- жарандык коргонуунун талаптарын сактоо жана республиканын чарба
жүргүзүүчү субъекттеринин мобилизациялык даярдыгын жагында калктуу ко-
нуштарды жана объекттерди куруунун долбоорлоруна мамлекеттик экспертиза
өткөрүүгө катышат;
- жарандык коргонуунун аскерлеринин жана аймактык башкаруу орган-
дарынын күжүрмөн жана мобилизациялык даярдыгын камсыз кылат;
- башкаруу пунктун, калкка табыгый жана техногендик мүнөздөгү
өзгөчө кырдаалдын коркунучу жана келип чыгышы жөнүндө байланыш жана ка-
барлоо системасын жана каражаттарын түзөт жана туруктуу даярдыкта кар-
мап турат;
- кызыкдар министрликтер, ведомстволор, жергиликтүү өзалдынча баш-
каруу органдары менен көчкүнү мажбурлап көчүрүү боюнча иштерди
жүргүзүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле Кыргызстан келишим
жана макулдашуу түзгөн башка мамлекеттердин аймагында издөө-куткаруу
жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча кечиктирилгис башка авариялык иш-
терди уюштурат жана жүргүзөт;
- кыйроо очокторунда, булгануу жана алааматтык суу каптоо зонала-
рында, ошондой эле аларга баруучу маршруттарда радиациялык, химиялык
жана спецификалык эмес бактериологиялык (биологиялык) чалгындоо
жүргүзүүнү уюштурат;
- калкты санитардык тазалоо, техника жана мүлктөрдү атайын таза-
лоо, имараттарды, курулуштарды жана аймактарды зыянсыздандыруу боюнча
иш жүргүзүүнү уюштурат;
- жарандык коргонуунун аскердик бөлүктөрүн жайылтууга жана кутка-
руучу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүүгө арналган курал-жарак-
тарды, техниканы жана башка каражаттарды топтойт, жайгаштырат, сактайт
жана жањылайт;
- аргасыз жер которгондорду (качкындарды) кабыл алууга пункттарды
түзөт жана даярдыкта кармайт;
- калкты жашоого коркунучтуу зоналардан көчүрүү боюнча эвакуация-
лык органдардын ишин уюштурат;
- өзгөчө кырдаалдардын районуна гуманитардык жардамдын жүктөрүн
жеткирүүнүн сакталышын камсыз кылат;
- Министрликтин кызматкерлерин коргоого жана денсоолугун чыњдоого,
ошондой эле мыйзам менен аларга тењештирилген категориядагы жарандардын
денсоолугун коргоо жана медициналык жардам берүүгө багытталган алдын
алуу, дарылоо, санитардык-курорттук, денсоолукту чыњдоо жана реабилита-
циялык иш-чаралардын комплексин жүргүзөт;
- бардык суу-кайтаруу зонасын, айыл чарба аянттарын жана айылдык
калктуу конуштарды селден, ташкындан жана башка зыяндуу суулардан кор-
гоону, селден коргоо курулуштарын курууну камсыз кылган иш-чараларды
иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- бөөдө кырсыктын алдын алуу жана анын залалдарын жоюу боюнча иш-
терди аткарат;
- белгиленген көлөмдүн чегинде селден коргоочу курулуштарды долбо-
орлоо, куруу жана эксплуатациялоо жагында илимий-техникалык саясатты
жүргүзөт;
- айылдык калктуу конуштарды жана айыл чарба аянттарын коргоону
камсыз кылган инженердик курулуштарды долбоорлоо жана куруу боюнча за-
казчынын милдетин жүктөө менен аларды эксплуатациялоону жана техникалык
жактан тейлөөнү камсыз кылат;
- Министрликтин карамагында турган дарыялардын жээгинде колдо бар
селден коргоочу курулуштарды жана жабдууларды эксплуатациялоону
жүргүзөт;
- селден коргоочу курулуштарды курууну аткарат, жыл сайын
бөлүнүүчү каржылоонун көлөмүндө жана белгиленген тартипте бекитилген
долбоордук-сметалык жана башка ченемдик-техникалык документациянын не-
гизинде бөөдө кырсыктардын алдын алуу жана анын залалдарын жоюу боюнча
ишти аткарууну изилдөө, иликтөө, долбоордук, курулуш-монтаждоо жана
эксплуатациялык иштердин бүткүл комплекси менен камсыз кылынат.
Гидрометеорология жагында Министрлик:
- метеорологиялык, гидрологиялык, кар көчкүлөрүнө, гляцияологиялык
жана агрометеорологиялык шарттарга, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жа-
йыттардагы өсүмдүктөрдүн абалына, жер үстүндөгү суулардын булганышына,
кыртышка, атмосфера абасына, анын ичинде радиациялык кырдаалды жана
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү максатында маалыматтарды чогул-
туу, талдоо жана аларды жалпылоону камсыз кылууну камтуу менен туруктуу
көз салып турат;
- аба ырайынын, суулардын агамынын, суу сактагычтарга суулардын
киришинин, көчкүлөрдүн абалынын божомолун, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн
түшүмүнүн фенологиялык божомолун, гидрометеорологиялык капилет кубулуш-
тар жана курчап турган чөйрөнүн булганышынын өзгөчө жогору дењгээли
жөнүндө эскертүүлөрдү түзөт;
- гидрометеорологиялык байкоонун улуттук системасын өнүктүрүүнү
жана өркүндөтүүнү, маалыматтардын улуттук фондун түзүүнү камсыз кылат;
- пайдалуу кендерди, мунай жана газ скважиналарын иштетүү боюнча
ишканаларды жоюуда жана консервациялоодо кен байлыктарын пайдалануучу-
лар аткара турган иштердин коопсуздук жагындагы техникалык талаптарын
аныктайт;
- коркунучтуу өндүрүш объектеринин кызматкерлерин (негизги кесип-
тердин) даярдоонун жана алардын технологиялык, техникалык жана өнөржай
коопсуздугунун маселеси боюнча билимдерин текшерүүнүн тартибин белги-
лейт жана алардын сакталышына контролдук кылат;
- турак үйлөрдө тиричиликтик газ жабдууларын жана тиричилик уюмда-
рындагы газ жабдууларын эксплуатациялаган адистештирилген кызматтардын
ал жабдуулардын техникалык абалына жана коопсуз эксплуатацияланышын
камсыз кылууга контролдук кылуу ишине методикалык жетекчиликти, ошондой
эле газ көзөмөлүнүн жана отканаларга көзөмөл кылган ведомстволук инс-
пекцияларга методикалык жетекчиликти жүргүзөт;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрация-
лык ведомстволордун мамлекеттик, ал эми зарыл болгон учурда эларалык
стандарттардын жана башка ченемдик документтеринин долбоорлорун ишти
жүргүзүүнүн коопсуздугунун талаптарына ылайык келүү жагын, коркунучтуу
өндүрүш объектеринде колдонулган техникалык жабдуулардын түзүлүшүн жана
эксплуатацияланышын карайт жана макулдашат;
- коркунучтуу өндүрүш объектеринде жана сыноо лабораторияларында
колдонулган техникалык жабдуулардын өзгөчөлүгүн жүргүзгөн уюмдарды ка-
лыптандырууга жана аккредитациялоого белгиленген тартипте катышат;
- коркунучтуу өндүрүш объектеринде колдонулган милдеттүү түрдө
сертификациялоого жаткан техникалык жабдуулардын Тизмесин түзөт;
- кен казуу, бургулоо, жардыруу, маркшейдердик, электромеханика-
лык, металлургиялык, кен ылгоо, өрт коркунучу, газ коркунучу бар жана
башка коркунучтуулугу жогору болгон иштерге жетекчиликке жол берүүнүн
тартибин аныктайт.
Мамлекеттик өрт көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагында Министрлик:
- өрт коопсуздугу боюнча стандарттардын, ченемдердин, эрежелердин
жана башка ченемдик, техникалык документтердин долбоорлорун иштеп чыгат
жана макулдашат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын, юриди-
калык жана жеке жактарынын өрт коопсуздугунун талаптарын сакташына мам-
лекеттик көзөмөлдүктү жүргүзүүнү уюштурат;
- өрт коопсуздугу жагында бирдиктүү илимий-техникалык саясатты
жүргүзүүнү уюштурат;
- таламдаш органдар менен бирдикте товарлардын, иштердин, кызмат
көрсөтүүлөрдүн өрт коопсуздугуна контролдук кылууну уюштурат (сертифи-
кациялоо);
- ыктыярдуу өрткө каршы күрөшүүчү коомдорду жана түзүлүштөрдү
түзүүгө, чыњдоого жана ар тараптан өнүктүрүүгө көмөктөшөт;
- өрт өчүрүүнү жана аны менен байланышкан куткаруу иштерин уюшту-
рат жана жүзөгө ашырат;
- аткаруу бийлиги, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана
ишканалар менен бирдикте алардын күчтөрүн жана каражаттарын ири
өрттөрдү өчүрүүгө катышуу үчүн тартуу тартибин белгилейт, бул күчтөрдүн
жана каражаттардын даярдыгын контролдойт;
- өрткө каршы мамлекеттик кызматтын кадрларын даярдоону жана кайра
даярдоону, алардын квалификациясын жана кесиптик чеберчилигин жогорула-
тууну уюштурат жана жүзөгө ашырат, окуу процессин программалык-методи-
калык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат;
- өрткө каршы техниканы, өрт өчүрүүчү каражаттарды сыноону
жүргүзүүнү, өрт коркунучу жагынан заттарды, материалдарды, буюмдарды,
жабдууну, конструкцияларды сыноону жүргүзүүнү уюштурат;
- эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
IV. Министрликтин укуктары жана
милдеттери
9. Министрлик өзүнө жүктөлгөн иш-милдеттерине ылайык төмөнкүлөргө
укуктуу:
- өзүнүн компетенциясынын чектеринде Министрликтин, бардык юриди-
калык жана жеке жактар аларды аткарууга милдеттүү болгон ченемдик укук-
тук актыларын жана башка чечимдерин кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Министрликтин компетенциясына
кирген маселелер боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, жергиликтүү мамлекет-
тик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органда-
рыньш башчыларынын, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин отчетторун
угуу, министрликтердин, мамлекетгик комитеттердин, администрациялык ве-
домстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жерги-
ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын колдону-
луп жаткан мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жана ченемдик
актыларын алып салуу жөнүндө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана
аларды жоюу, жарандык коргонуу, гидрометеорология, өндүрүштүн коопсуз-
дугу жана кен, өрт көзөмөлү, өрттү өчүрүү жагынан колдонулуп жаткан
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле колдонуудагы ченемдер-
ди, эрежелерди жана стандарттарды бузгандыгы үчүн министрликтердин,
мамлекеттик комитеттердин, жана администрациялык ведомстволордун жетек-
чилерин, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү
өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларын, чарба жүргүзүүчү субъект-
тердин жетекчилерин белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартуу жөнүндө
сунуштарды киргизүүгө:
- өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу, жарандык кор-
гонуу, гидрометеорология, өндүрүштүн технологиялык, техникалык жана
өнөржайлык коопсуздугу жана кен көзөмөлү, өрткө каршы мамлекеттик
көзөмөл, өрттү өчүрүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын
долбоорлорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча минист-
рликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволор-
дун, чарбакер субъекттердин жетекчилеринин отчетторун коллегиянын жы-
йындарында угуу;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте карап чыгуу, күнөөлүү
адамдарга айып салууну жана башка администрациялык жазаларды колдонуу,
зарылчылык болгон учурда күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тар-
туу үчүн иштерди укук коргоо органдарына белгиленген тартипте берүү;
- сот органдарында доочу жана жоопкер катарында чыгуу;
- колдонуудагы мыйзамдарды, стандарттарды, ченемдерди жана эреже-
лерди бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан объекттерди курууга, реконс-
трукциялоого, кењейтүүтө же техникалык жактан кайра жабдууга жана башка
иштерге тыюу салуу;
- эгерде иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, лицензияларды
(уруксатты) бузуу менен жүзөгө ашырылса же адамдардын өмүрүнө, денсоо-
лугуна, курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирсе, кайсы ведомствого та-
андык экендигине жана менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын же баш-
ка объекттердин ишине тыюу салуу, убактылуу токтотуу, ошондой эле мын-
дай иштерди каржылоону токтотуу жөнүндө тиешелүү органдарга сунуштарды
даярдоо;
- колдонулуудагы ченемдерди жана эрежелерди бузуу менен жүзөгө
ашырылган коркунучтуу жүктөрдү (буюмдарды), чийки ресурстарды ташып
келүүгө, ошондой эле транзитине (андан ары ташылышына) тыюу салуу;
- Министрликтин ишине тиешелүү маселелер боюнча зарыл маалыматтар-
ды (маалыматты, анын ичинде статистикалык отчеттуулукту, шашылыш кабар-
ларды) министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык
ведомстволордон, юридикалык жана жеке жактардан суратуу жана алуу;
- чарбалык же башка ишти негиздеген келишимдерди, контракттарды,
макулдашууларды жана документтердин башка түрлөрүн Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарына ылайык түзүү;
- бүткүл жыл ичинде өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда объект-
терди куруу боюнча Министрликтин ишинин жана кыйроодон-калыбына кел-
тирүү иштеринин программасына (планына) өзгөртүүлөрдү киргизүү;
- өзгөчө кырдаалдарга жол бербөө, өрт коопсуздугу, калкты жана ай-
мактарды, материалдык жана маданий дөөлөттөрдү коргоого даярдык көрүү,
кыйроолор, апааттар жана жаратылыш кырсыктары келип чыккан учурда эко-
номиканын жана социалдык чөйрөнүн тармактарынын объекттеринин туруктуу
иштешин камсыз кылуу боюнча биринчи кезектеги, алдын алуучу иштерди ат-
каруу жөнүндө милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү
жана милдеттендирүү каттарын министрликтерге, ведомстволорго жана жер-
гиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, менчигинин формасына карабас-
тан юридикалык жана жеке жактарга берүү;
- издөө, кыйроодон-куткаруу жана калыбына келтирүү иштеринин, өрт
өчүрүүнүн, өзгөчө кырдаалдар зоналарында жүргүзүлүүчү иштердин учурунда
жана коркунучтуу табигый жана техногендик процесстер менен кубулуштарды
иликтөө учурунда кызматкерлерди опурталдуу учурлардан жана ажалдан кам-
сыздандыруу;
- белгиленген тартипте бекитилген таануу белгилери, сигнализация
жана байланыш каражаттары менен жабдылган атайын транспорт каражаттары-
на ээ болуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамле-
кеттик резервдин материалдык байлыктарын жана гуманитардык жүктөрдү
транспорттун ар кандай түрлөрү менен алымдарды жана жыйымдардын башка
түрлөрүн төлөбөстөн ташуу;
- байланышуу жана маалыматты берүү үчүн байланыштын республикалык
системаларын жана ведомстволук тармактарын, анын ичинде аскердик коман-
далык органдарынын байланыш тармактарын артыкчылыктуу тартипте пайдала-
нуу;
- кењири аймактарды камтыган ири масштабдуу кыйроолордун, апаат-
тардын жана жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге
жетекчилик кылууну жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен өзара
аракетте түздөнтүз жүзөгө ашыруу;
- өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча иштерге жетекчилик кылуу учурун-
да кырсык зоналарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө чечим кабыл алган
органдар менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык чараларды көрүү;
- аймактык башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча башка реги-
ондордон туруктуу даярдыктагы жарандык коргонуу күчтөрүн жана каражат-
тарын өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча аракеттерге тартуу жөнүндө чечим
кабыл алуу;
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдар менен мекемелердин аймагында
турган калкты, күчтөрдү жана каражаттарды тартуу менен райондук, шаар-
дык мамлекеттик уюмдар алдын алуучу жана калыбына келтирүүчү иштерди
уюштурушу үчүн материалдык ресурстарды акысыз бөлүү жана алар максатка
ылайык колдонулушуна контролдук кылуу;
- жаратылыш кырсыктарынан жапа чеккен үйбүлөлөргө Кыргыз Республи-
касынын Өкмөтүнүн чечимдерине ылайык материалдык жардам көрсөтүү;
- биринчи кезекте калыбына келтирүү иштерине багытталган, пайдала-
нууга берилбей турган чыгымдарды жокко чыгаруу;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жана алдын алуучу ишча-
раларга чыгымдалуучу, каржылоонун бардык булактарынан келип түшкөн ма-
териалдык-техникалык жана финансылык ресурстардын, анын ичинде мамле-
кеттик жана мобилизациялык материалдык резервдердин, ошондой эле гума-
нитардык жардам линиясы боюнча запастарынын чыгымдалышына контролдук
кылуу;
- Министрликтин кызматкерлери өзгөчө кырдаалдар келип чыккан жана
анын алдын алуу жерлерине барышы үчүн 200 (эки жүз) мињ сом өлчөмүндөгү
резервге ээ болуу;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарын колдонуу тажрыйбасын жалпылоо, аны өркүндөтүү боюн-
ча сунуштарды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна киргизүү;
- кыйроолордун, апааттардын, уюмдардагы өндүрүштүк мертинүү, жар-
дыргыч материалдарды уурдоо, жоготуу учурларынын кырдаалдарын жана се-
бептерин белгиленген тартипте техникалык жана башка иликтөөнү жүргүзүү
жана иликтөөнүн натыйжалары боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш
болгон чечимдерди кабыл алуу;
- зарылчылык болгон учурда республиканын мамлекеттик башкаруу ор-
гандары, уюмдары жабдууну жана материалдарды контролдук сыноолорду, жу-
мушчу жана курчап турган чөйрөнү контролдук талдоону, ошондой эле кол-
донуудагы эрежелердин чектеринде жабдууну күбөлөндүрүүнү жүргүзүшүн да-
йындоо;
- өндүрүштүн, объекттердин жана иштердин коопсуздугу менен байла-
нышкан көзкарандысыз экспертизаларды жана иштеп чыгууларды жүргүзүү
үчүн республиканын мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдары,
илим-изилдөө жана долбоорлоо-конструктордук институттары менен макулда-
шуу боюнча алардын адистерин тартуу;
- юридикалык жана жеке жактардын билдирмелери боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызмат-
тарды көрсөтүү;
- өрттөрдү өчүрүүгө ишканалардын бул максаттар үчүн ыњгайлаштырыл-
ган техникасын тартуу;
- өрттөрдү өчүрүү жана жаратылыш кырсыктарын жоюу зоналарында
транспорт каражаттарынын кыймылын жана ага жарандардын барышын чектөө
боюнча чараларды көрүү;
- кыйроодон-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү
учурунда өзүнүн компетенциясынын чектериндеги чечимди, ошондой эле өрт
өчүрүү учурунда ишканалар, кызмат адамдары жана жарандар аткарууга мил-
деттүү болгон чечимди кабыл алуу;
- министрликтер, ведомстволор жана ишканалар өндүрүлүп жаткан зат-
тардын, материалдардын, буюмдардын, жабдуунун, конструкциялардын өрт
коркунучтуулугуна контролдук сыноолорду, чөйрөнүн өрт коркунучтуулугу-
нун контролдук талдоолорун, өрттөн коргоо системаларын жана каражатта-
рын текшерүүнү жүргүзүшүн талап кылуу;
- текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн тиешелүү мамлекеттик башкаруу орган-
дары жана уюмдар менен макулдашуу боюнча алардын адистерин тартуу;
- текшерүү учурунда аныкталган иштерди коопсуз жүргүзүү, жардыргыч
материалдарды, уулуу заттарды сактоо, пайдалануу жана эсепке алуу, жаб-
дууну жайгаштыруу боюнча эрежелер менен нормаларды бузууларды жоюу
жөнүндө, мындай эреже бузууларга алып келген себептер менен шарттарды
жоюу жөнүндө, иштерди убактылуу токтотуу жөнүндө, ошондой эле адамдар-
дын өмүрүнө коркунуч түзүлгөндө же кыйроолор келип чыкканда адамдарды
жумуш орундарынан чыгаруу жөнүндө сунуштарды республиканын мамлекеттик
башкаруу органдарына киргизүү жана юридикалык жана жеке жактарга, ошон-
дой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга милдеттүү түрдө ат-
карылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү (жазма буйруктарды) берүү жана за-
рылчылык болгон учурда иштерди түздөнтүз токтотуу жана адамдарды чыга-
руу, жумуш орундарын же жабдууну мөөр басып жабуу;
- уюмдарда, алыскы өндүрүштүк объекттерде, уюмдарда жана
окуу-курстук комбинаттарда жумушчулардын ишке киришинин белгиленген
тартиби сакталышын, иштин коопсуз ыкмаларына нускама жана окутуу
жүргүзүлүшүн, ошондой эле бул жагынан аларды аттестациялоо жана билимин
текшерүү тартибин текшерүү;
- менчигинин түрүнө карабастан уюмдарда иштерди коопсуз жүргүзүү
боюнча инженер-техникалык кызматкерлердин жана негизги кесиптеги жумуш-
чуларды окутууга, даярдоого жана кайра даярдоого контролдук кылуу;
- технологиялык, техникалык жана өнөржайлык коопсуздук боюнча че-
немдик укуктук актылар жана техникалык регламенттерди көзөмөлдөгү уюм-
дардын жетекчилери жана белгиленген мөөнөттө башка инженер-техникалык
кызматкерлери билишин текшерүү; жардыруу иштерин жүргүзүү үчүн даярдал-
ган адамдардан экзамен алуу жана аларга күбөлүктөрдү берүү; окуу жайла-
рында окутуучу курамдын билими кен, металлургиялык, химиялык жана башка
коркунучтуу өндүрүштүк объекттер үчүн чыгарылуучу адистердин квалифика-
циялык талаптарына ылайык келе тургандыгына же жоктугуна контролдук кы-
луу; коркунучтуу өндүрүштөрдө иштөө үчүн инженердик адистиктеги респуб-
ликанын жогорку окуу жайларынын бүтүрүцчүлөрүнөн мамлекеттик экзамен
кабыл алуу жана дипломдорду коргоо боюнча комиссияларга катышуу; тие-
шелүү инженер-техникалык кызматкерлер жана негизги кесиптеги жумушчулар
технологиялык, техникалык жана өнөржайлык коопсуздук жагынан ченемдик
укуктук актыларды жана техникалык регламенттерди, иштин коопсуз ыкмала-
ры боюнча нускоолорду билишин тандап текшерүүнү жүргүзүү;
- өндүрүштүн коопсуздугу боюнча эрежелер менен ченемдерди дайыма
бузган, Министрликтин кызматкерлеринин көрсөтмөсү боюнча убактылуу ток-
тотулган жабдуунун жана объекттердин ишин өз алдынча калыбына келтирген
же аларды иштетүүгө жол берген; жардыргыч материалдарды жана уулуу зат-
тарды эсепке алуунун, сактоонун жана пайдалануунун белгиленген тарти-
бин, нефтепродуктуларды жана газды сактоо шарттарын жана берүү тартибин
бузган; кен, бургулоо, маркшейдердик, жардыруу, от алуучу, газ коркуну-
чу бар жана электртехникалык иштерди, ошондой эле от казан көзөмөл объ-
екттериндеги жана көтөрүүчү курулмалардагы иштерди жетектөөгө укугу
болбогон, өндүрүштүн коопсуздугу боюнча окутуу курсунан өтпөгөн жана
белгиленген тартипте экзамендерди тапшырбаган адамдарды ээлеген кызма-
тынан бошотуу же иштерге техникалык жетекчилик кылуу укугунан бир жылга
чейинки мөөнөткө ажыратуу жөнүндө министрликтердин, ведомстволордун жа-
на уюмдардын жетекчилерине сунуштарды киргизүү;
- соттордо жана прокуратура органдарында өнөржайлык коопсуздук ма-
селелери боюнча мамлекеттик эксперт катары чыгуу;
- уюмдарда кыйроо кырдаалдарын жана себептерин, өндүрүштүк мер-
тинүү, жардыргыч материалдарды жана уулуу заттарды уурдоо, жоготуу
учурларын белгиленген тартипте техникалык тергөөнү жүргүзүү жана
тергөөнүн натыйжалары боюнча Министрликтин компетенциясына кирген масе-
лелер боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон чечимдерди кабыл
алуу;
- Министрликтин компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекет-
тик башкаруу органдарына сунуштарды жана Кыргыз Республикасынын Улуттук
илимдер академиясына илим-изилдөө, долбоордук жана долбоорлоо-конструк-
тордук иштерди жүргүзүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- зарылчылык болгон учурда мамлекеттик башкаруу органдары, уюмдар
жабдууну жана материалдарды контролдук сыноону, жумушчу жана курчап
турган чөйрөнү контролдук талдоону, ошондой эле колдонуудагы эрежелер-
дин чектеринде жабдууну күбөлөндүрүүнү жүргүзүшүн дайындоо;
- жабдууну иштеп чыгууну, жасоону жана монтаждоону жүргүзгөн уюм-
дарга конструктивдүү кемтиктерди, ошондой эле жабдууну жасоодо жана
монтаждоодо аны пайдалануунун коопсуздугун төмөндөткөн кемчиликтерди
жоюу жөнүндө көрсөтмөлөрдү (жазма буйруктарды) берүү жана алардын атка-
рылышына контролдук кылуу;
- зарыл учурда жасап чыгаруучу заводдордо жана оњдоочу ишканаларда
өнөржайдын кен казып алуучу жана геологиялык чалгындоо тармактары үчүн
жабдуунун, кендеги жарылуудан коргоочу электр жабдууларынын, нефти жана
газ казып алуучу, нефтини жана газды кайра иштетүүчү, ун-элеватордук
жана аралаш тоют өнөржайынын, жарылуу-өрттөнүү коркунучу бар жана зыян-
дуу өндүрүштөрдүн ишин коопсуз жүргүзүү боюнча эрежелер менен нормалар-
дын талаптары химиялык жана физикалык процесстерге, даярдалуучу жана
оњдолуучу көтөрүү курулмаларына, буу жана ысык суу үчүн от казандары
менен түтүктөргө, басым астында иштөөгө арналган идиштерге ылайык келе
тургандыгын текшерүү; ал өнөржай коопсуздугунун эрежелери менен норма-
ларына жана бекитилген долбоордук чечимдерге ылайык келбеген учурда
көрсөтүлгөн жабдууну чыгарууну убактылуу токтотуу жана аны колдонууга
тыюу салуу;
- иликтөө мезгилинде Министрликтин компетенциясына кирген маселе-
лер боюнча түшүндүрүүлөрдү, таанышуу үчүн зарыл болгон маалымкаттарды
жана отчеттуулуктун тиешелүү формалары боюнча отчетторду, кен жана гео-
логиялык-чалгындоо иштеринин планын, кен жана жардыруу иштерине, бургу-
лоо скважиналарына, көтөрүү курулмаларына, от казан көзөмөл жана газ
көзөмөл объекттерине, химиялык, металлургиялык, жарылуу-өрттөнүү корку-
нучу бар жана зыяндуу өндүрүштөрдөгү технологиялык процесстерге техни-
калык документтерди уюмдардын, объекттердин жетекчилеринен жана башка
юридикалык жана жеке жактардан алуу;
- уюмдар менен объекттердин инженер-техникалык кызматкерлеринде,
жеке жактарда кен, бургулоо, жардыруу, маркшейдердик, электр-техника-
лык, өрт жана газ коркунучу бар иштерди жетектөөгө укук берген тиешелүү
документтердин бар болушун, ошондой эле жарылуу, газ коркунучу бар жана
башка өтө коркунучтуу иштерди жүргүзүү укугуна тиешелүү документтер
кызматкерде бар болушун текшерүү;
- жардыргыч материалдарды жана уулуу заттарды сактоо, пайдалануу
жана эсепке алуу менен байланышкан ишке кабыл алуу үчүн белгиленген
атайын талаптар сакталышына контролдук кылуу;
- саркынды жана башка суулар, мунай, газ жана башка заттар менен
материалдар кен калдыктарына сињип кетишин четтетүү боюнча же аларды
жер астында сактаган учурда талаптардын сакталышын текшерүү;
- тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары, юридикалык жана жеке
жактар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон токтомдорду, тескемелерди
жана буйруктарды өз компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте
чыгаруу;
- долбоорлорду, технологиялык регламенттерди, жабдууну экспертиза-
лоо, ошондой эле өнөржайлык коопсуздук боюнча кадрлар короткон убакытка
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте акы төлөө менен алар-
ды окутуу боюнча юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүү.
10. Министрликтин системасындагы инспекциялык кызматтардын кызмат-
керлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда ишканаларга, мекемелер-
ге, уюмдарга (анын ичинде белгиленген тартипте режимдиктерине), кайта-
рылуучу аймактарга, кайсы ведомствого таандык экенине жана менчигинин
түрүнө карабастан башка объекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө, текшерүүгө
жана текшерүүнүн натыйжалары боюнча актылар менен протоколдорду
түзүүгө, мыйзамдын талаптарын бузууларды жоюу боюнча милдеттүү түрдө
аткарылууга тийиш болгон милдеттендирүүчү катты берүүгө укуктуу. Инс-
пекцияланып жаткан ишканалар, мекемелер жана уюмдар кайсы ведомствого
баш ийгендигине жана менчигинин түрүнө карабастан Министрликтин систе-
масындагы кызмат адамдарын алар кызматтык милдеттерин аткарып жаткан
учурда жайлар, телефон байланышы, транспорт жана зарылчылык болгон
учурда объектти текшерүү (инспекциялоо) мезгилине атайын кийим менен
камсыз кылууга, ошондой эле аларга зарыл жардам көрсөтүүгө милдеттүү.
11. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өз ишин Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык гана жүзөгө ашыру-
уга тийиш.
V. Министрликтин ишин уюштуруу
12. Министрликке министр жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасы-
нын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кызматка дайындалат жана бошотулат.
13. Министр бир эле учурда:
- Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин би-
ринчи орун басары;
- Министрликтин коллегиясынын төрагасы болуп саналат.
14. Министр Министрликке жүктөлгөн милдеттердин жана иш-милдеттер-
дин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
15. Министр:
- статс-катчынын, министрдин орунбасарларынын жана аппараттын же-
текчисинин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жоопкерчилигинин
даражасын жана функционалдык милдеттерин аныктайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ве-
домствого караштуу ишканаларды, мекемелерди жана башка структуралык
бөлүмдөрдү түзөт, өзгөртүп түзөт жана жоет, белгиленген эмгек акы фон-
дунун чегинде алардын структурасын жана штаттарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ми-
нистрликтин региондук башкармалыктарынын жана аймактык бөлүмдөрдүн на-
чальниктерин, Өзгөчө кырдаалдардын мониторинги жана аны болжолдоо де-
партаментинин, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу депар-
таментинин, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана аларды жоюу боюнча
Түштүк департаментинин, Министрликке караштуу Авиация департаментинин
директорлорун, Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана курулуш
башкармалыгынын, селден, суудан коргоо башкармалыгынын начальниктерин,
Департаменттердин директорлорунун жана башкармалыктардын начальниктери-
нин сунуштары боюнча Департаменттердин директорлорунун орун басарларын
жана структуралык бөлүмдөрдүн башкы бухгалтерлерин, Министрликтин бор-
бордук аппаратынын жетекчилерин, кызматкерлерин жана бөлүмдөрдүн жана
башкармалыктарынын адистерин дайындайт жана ээлеген кызматынан бошотот;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өргүүлөрдү берүү бо-
юнча маселелерди чечет жана дайындоо, бекитүү (бошотуу) Кыргыз Респуб-
ликасынын Премьер-министринин буйругу менен жүзөгө ашырыла турган кыз-
маттарды ээлеген кызмат адамдарына тартип жазасын колдонот (буга бошо-
туу кирбейт);
- Министрликтин аскер бөлүктөрүн жана кыйроодон-куткаруу
түзүлүштөрүн кайра куралдандыруу, жањы техника жана техникалык каражат-
тар менен жабдуу, материалдык байлыктарды топтоо, сактоо, жањылоо менен
байланышкан чыгымдарды, ошондой эле илим-изилдөө иштерин белгиленген
тартипте бекитет;
- Министрликтин аскер кызматчылары жаратылыш кырсыктарынын жана
башка өзгөчө кырдаалдардын мезгилинде милдеттерди аткарып жаткан учур-
да, ошондой эле шашылыш тапшырмаларды аткарып жаткан учурда алардын
азык-түлүк үлүшүнүн убактылуу нормаларын белгилейт;
- аскер кызматчыларынын типтүү аскердик кызмат орундары боюнча ай-
лык акылар жагынан Министрликтин аскер кызматчыларынын типтүү эмес ас-
кердик кызмат орундары боюнча айлык акыларды белгилейт;
- белгиленген тартипте ведомстволук айырмалоо белгилерин аныктайт,
бул белгилер жана алардын сүрөттөлүшү жөнүндө жоболорду бекитет, Ми-
нистрликтин өздүк курамын, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан калкты жана
аймактарды коргоо милдеттерин чечүүдө көмөк көрсөткөн жарандарды алар
менен сыйлайт;
- белгиленген тартипте Министрликтин аскер кызматчыларын, айрым
категориядагы мамлекеттик кызматчыларды жана мамлекеттик кызматтын кыз-
мат орундарына кирбеген адамдарды кийимдин, бут кийимдин жана атайын
коргоо каражаттарынын формасынын сүрөттөлүшүн, атайын кийим жана ку-
рал-жарак менен, анын ичинде убактылуу кийим менен жабдуу нормаларын,
буюм мүлкү менен камсыз кылуу тартибин бекитет;
- Министрликтин аскер кызматчыларын, ошондой эле Министрликке
жүктөлгөн милдеттерди аткарууга көмөк көрсөткөн башка адамдарды сыйлоо
үчүн белгиленген тарипте төш белги жана белек фонддору, анын ичинде ок
атуучу жана ок атпаган куралдары бар;
- Министрликтин балансында болгон анын мүлкүн жана каражаттарын
башкарат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансы-чарбалык
ишти уюштурат;
- жыл ичинде жогору турган бийлик органдарынын директивалык доку-
менттеринин жана тиешелүү структуралардын корутундуларынын негизинде
алдын алуу, кыйроодон-калыбына келтирүү иштеринин жана башка иш-чарала-
рынын программаларын түзөт, бекитет, аларга өзгөртүүлөрдү киргизет;
- жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашуу боюнча
өзгөчө кырдаалдардын мүнөзүнө таянып, кырсык аймактарында жарандардын
жашоо жана жүрүү режимдерин белгилейт;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кайсы ведомствого
таандык экендигине карабастан зарыл транспорттук, куткаруучу, калыбына
келтирүүчү, медициналык жана башка каражаттарды тартат;
- менчигинин түрүнө карабастан министрликтердин, ведомстволордун
жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдар шар-
тында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылбаган кызмат
адамдарын иштерге жетекчилик кылуудан четтетет, андан соњ тиешелүү ор-
гандарга аларды ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Министрликтин аскер кызматчылары жагынан Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында каралган укуктарга то-
лук көлөмдө ээ;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы, Кыргыз
Республикасынын аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча
башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча Министрликтин бөлүмдөрүн жа-
на аскер бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын чектеринде кайра жайгаштыруу
жөнүндө чечим кабыл алат;
- Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн аскер шаарчаларын куруунун жана
өнүктүрүүнүн башкы пландарын, Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн курулуш
объекттерин куруу долбоорлорун, жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын
алдын алуу жана жоюу жагынан илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук
иштердин пландарын белгиленген тартипте бекитет;
- Министрликтин системасындагы кызматкерлерди белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка кызматтык иш-сапарларга
жиберет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан ага берилген башка
ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
16. Министрликте министрдин биринчи орунбасарынын статусу менен
статс-катчынын жогорку администрациялык кызматы уюштурулган. Статс-кат-
чы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин сунушу боюнча жана министрдин ма-
кулдугу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат
жана кызматтан бошотулат. Статс-катчынын иш-милдети жана ыйгарым укук-
тары Мамлекеттик кызмат боюнча кењеш беките турган Мамлекеттик органдын
статс-катчысы жөнүндө жобо менен аныкталат. Министр статс-катчыга башка
иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну жүктөшү мүмкүн.
17. Министрдин эки орунбасары болот, алар кызматка министрдин су-
нушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайында-
лат. Министрдин орунбасарлары түздөн-түз министрге баш иет жана
өздөрүнө жүктөгөн милдеттердин чектеринде Министрликтин ишин уюштурат.
18. Кыргыз Республикасынын өнөржай коопсуздугу жана тоо-кен
көзөмөлү боюнча башкы мамлекеттик инспектору болуп министрликке караш-
туу Өнөржай коопсуздугуна көзөмөл кылуу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча
мамлекеттик инспекциянын (Мамкентехкөзөмөл) директору саналат.
19. Министрликте анын ишинин негизги багыттарынын маселелерин ка-
рап чыгуу үчүн 11 мүчөдөн турган коллегия түзүлөт. Министр, статс-кат-
чы, министрдин орунбасарлары кызмат орду боюнча коллегиянын курамына
кирет. Коллегияга кызмат орду боюнча кирген адамдарды кошпогондо, анын
мүчөлөрү министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-
нистринин буйругу менен бекитилет.
20. Коллегиянын чечимдери токтом түрүндө кабыл алынат жана Минист-
рликтин буйруктары менен турмушка ашырылат. Коллегиянын иши министр бе-
ките турган регламент менен аныкталат.
21. Министрликте жана аскер кызматчылары менен комплектелген ага
баш ийген структуралык бөлүмдөрдө аскер кызматын өтөө бардыгына бирдей
аскердик милдетти өтөө болуп эсептелет, ал эми бардык аскер кызматчыла-
ры анык аскер кызматын өтөдү деп эсептелинет.
22. Министрликтин аскер кызматчылары үчүн кызмат өтөөнүн, өздүк
курам менен комплектөөнүн шарттары жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасы-
нын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларыныкы сыяктуу эле, Кыргыз Рес-
публикасынын эларалык келишимдеринин жоболору жайылтылат.
23. Министрликтин аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызмат
өтөп жаткан аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу
Күчтөрүнүн аскер кызматчылары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген нормалар боюнча үлүштүн акчалай жана натуралай түрлөрү,
кызматтык жана турак жайлар, өмүрүн камсыздандыруу менен камсыз кылы-
нат.
24. Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн офицердик курамынын кезектеги
аскер наамдары төмөнкүдөй тартипте берилет:
- Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин "кенже лейте-
нанттан" тартып "полковникти" кошуу менен аскердик наамдары министрдин
кураторлук кылган орунбасарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын
өзгөчө кырдаалдар министринин буйругу менен берилет;
- Министрликтин аскер бөлүктөрүнүн, мекемелеринин "прапорщик",
"улук прапорщик" деген аскердик наамдары тиешелүү командирлердин (зар-
далдардын) сунушу боюнча министрдин кураторлук кылган орунбасарынын
буйругу менен берилет.
Аскер кызматчыларынын офицерлер, прапорщиктер, сержанттар ээлөөгө
тийиш болгон кызмат орундары Министирликтин аскер бөлүктөрүнүн, мекеме-
леринин штаттарында каралат.
25. Министр, статс-катчы, министрдин орунбасарлары, аппарат жетек-
чиси жана Министрликтин системасындагы кызмат адамдары үчүн белгиленген
үлгүдөгү форма кийими жана айырмалоо белгилери киргизилет, ошондой эле
табелдик куралды жана атайын каражаттарды белгиленген тартипте сактоого
жана пайдаланууга уруксат берилет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин масслелери" токтомуПостановление · 29.11.2005 · № 541
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон