Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобо (КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-12-02.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2005-жылдын
2-декабрындагы
№ 551 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана
отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө
Жобо
Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык
козөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин укуктук
статусун аныктайт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин
жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана
Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык
иштелип чыкты.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана
отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары -Мамлекеттик
агенттик) Кыргыз Республикасынын финансылык рынокто бирдиктүү
мамлекеттик саясат жүргүзүүчү жана банктык эмес финансылык
мекемелердин ишин, баалуу кагаздардын рыногун, финансылык отчёттун
жана аудитордук иштин стандарттарын жөнгө салуучу жана көзөмөлдөөчү
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болот.
2. Мамлекеттик агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз
Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарына, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, аныкталган
тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын
башка нормативдик укуктук актыларына жана ушул Жобого таянат.
3. Мамлекеттик агенттик юридикалык жак болот, Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн
аталышы мамлекеттик жана расмий тилдсрде жазылган мөөрү, аныкталган
үлгүдөгү мөөрлөрү, штамптары жана бланктары, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык банк мекемелеринде ачылуучу
эсептери болот.
Мамлекеттик агенттиктин ушул Жобо менен аныкталчу функциялары башка
мамлекеттик органдарга өткөрүп берилиши мүмкүн
4. Мамлекеттик агенттиктин берилген ыйгарым укуктардын чегинде
чыгарылган чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын аймагында бардык
юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн аткарууга милдеттүү.
5. Мамлекеттик агенттик озүнүн ишин борбордук аппарат жана аймактык
бөлүмдор аркылуу аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен
өз ара байланышта жүргүзөт.
II. Мамлекеттик агенттиктин негизги максаттары жана милдеттери
6. Мамлекеттик агенттиктин ишинин максаты - финансылык рынокту,
финансылык отчеттуулук жана аудит системасын өнүктүрүү аркылуу
республикадагы инвестициялык климатты жакшыртуу жана экономикага
керектүү инвестициялык ресурстарды тартуу жолу менен мамлекеттин
туруктуу экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүүнү көздөйт.
7. Мамлекеттик агенттиктин негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасында финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти,
финансылык отчеттуулукту жана аудитти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана
артыкчылыктарын аныктоо;
- финансылык рынокту, ошондой эле бухгалтердик эсепти, финансылык
отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салуу маселелери боюнча нормативдик
укуктук базаны өркүндөтүү;
- финансылык рыноктун субъекттери, жеке аудиторлор жана аудитор
уюмдар Кыргыз Республикасынын алардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарын
сакташына көзөмөлдү камсыздоо;
- ата мекендик финансылык рыноктун дүйнөлүк финансылык рынокко,
бухгалтердик эсеп жана аудит системасынын эл аралык бухгалтердик жана
аудитордук шериктсштикке интеграциясы үчүн шарттарды түзүү;
Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун жана бухгалтердик эсеп,
финансылык отчеттуулук жана аудит системасын мамлекеттик жөнгө салуу;
- Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун, банктык эмес
секторду, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти
өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын жана стратегиясын аныктоо жана
жүргүзүү;
камсыздоочулардын, камсыздандырылган жактардын жана камсыздоочу
уюмдардын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун, мамлекеттик эмес
пенсиялык фонддордогу аманат салуучулардын жана алуучулардын, кумар
оюндарга катышуучулардын, оюн-зоок мекемелерди уюштуруучулардын жана
ага катышуучулардын, лотереялык процесске
катышуучулардын, лотереяларды түзүүчүлордүн жана уюштуруучулардын
укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары корголушун камсыздоо;
- инвестицияларды тартуу үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү аркылуу
фондулук рыноктун өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасында бухналтердик эсепти, финансылык
отчёттуулукту жана аудитти жүргүзүүнүн жана өркүндөтүүнүн
методологиялык негиздерињ түзүү;
финансылык отчёттуулуктун жана аудиттин стандарттарын киргизүү
жана финансылык отчёттуулуктун жана аудиттин стандарттарын
контролдоонун механизмдерин түзүү үчүн шарттарды камсыздоо;
- корпоративдик башкаруу принциптерин өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
III. Мамлекеттик агенттиктин функциялары
8. Мамлскеттик агенттик коюлган милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй
функцияларды аткарат:
8.1. Тармактык саясаттагы функциялары:
- банктык эмес финансылык институттарды, баалуу кагаздар рыногун,
бухгшггердик эсепти, финансылык отчёттуулукту жана аудитордук ишти
өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасында камсыздоочу уюмдар, мамлекеттик эмес
пенсиялык фонддор, оюн-зоок жайлар, лотереялык процесстер, баалуу
кагаздар рыногу, корпоративдик башкаруу, ошондой эле бухгалтердик
зсеп, финансылык отчёттуулук жана аудитордук ишмердик финансылык
отчёттуулуктун жана аудиттин стандарттарына ылайык иштешин жөнгө
салуучу норматнвдик укуктук базаны иштеп чыгат жана өркундөтөт;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык мүноздөгү
нормативдик укуктук актыларынын, концепцияларынын жана
программаларынын долбоорлорун макулдашат;
- иштин белгиленген чөйрөсүндө мыйзамдарды колдонуу
практикасын жалпылайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жүгүртүлүүчү баалуу кагаздардын
эмиссиясына, жайгаштырылышына жана жүгүртүлүшүнө, анын ичинде чет
өлкөлүк эмитенттсрдин баалуу кагаздарына уруксат берүүгө карата бирдей
талаптарды (стандарттарды) иштеп чыгат жана бекитет;
- эмиссиялык баалуу кагаздардын милдеттүү реквизиттерин белгилейт;
- баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүго карата
бирдей талаптарды белгилейт;
- баалуу кагаздар рыногунда мрофсссионал иш жүргүзүүнү
лицензиялоонун жана иштөөнүн тартибине жана шарттарына карата
бирдей талаптарды, эрежелерди (стандарттарды) иштеп чыгат жана
бекитет;
- өзүн өзү башкаруучу уюмдардын иш жүргүзүү укугуна уруксаттарды
берүү үчүн нормативдик укуктук актыларда каралган талаптарды,
көрсөтүлгөн укуктарды берүүнүн жана токтотуунун тартибин аныктайт;
- камсыздандыруучу резсрвдерди жана пенсиялык активдерди
жайгаштыруунун нормативдерин, эрсжелерин жана принциптерин бекитет;
- камсыздандыруу жана мамлекеттик эмес пенсиялык, лотереялык жана
оюн-зоок ишмердикти өнүктүруү маселелери боюнча нормативдик укуктук
жана методологиялык актыларды иштеп чыгат;
- камсыздандыруу уюмдары үчүн камсыздандыруу операцияларын эсепке
алуунун жана бул операциялардын туруктуулугуна тассир этүүчү
камсыздандыруучу жана башка финансылык-чарбалык иштер боюнча
отчёттордун камсыздандыруучу уюмдар үчүн милдеттүү бирдей
көрсөткүчтөрүн жана формаларын иштеп чыгат жана бекитет;
- камсыздандыруу уюмдарынын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун,
лотереялардын жала оюн-зоок жайлардын түзүүчүлөрүнүн жана
уюштуруучуларынын финансылык туруктуулугун жана төлөм жөндөмүн чыњдоо
боюнча методикалык көрсөтмөлордү жана рекомендацияларды иштеп чыгат;
- финансылык отчёттуулуктун жана аудиттин жањы кабыл алынган
стандарттарын жана аларга киргизилген өзгөртүүлөрду колдонууга
киргизет жана жайылтат;
- аудитор уюмдардын жана жске аудиторлордун отчёт берүүсүнүн жана
финансылык отчёттуулугунун көлөмүн аныктайт жана тартибин иштеп чыгат;
- аудитордук ишти, бухгалтердик эсептин уюштурулушун жана
жүргүзүлүшүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгат,
ошондой эле кызыкдар мамлекеттик органдар, бухгалтерлердин жана
аудиторлордун профессионал бирикмелери менен чогуу финансылык
отчёггуулуктун жана аудиттин стаидарттарьш колдонуу боюнча
рекомендацияларды иштеп чыгат;
- Кыргыз Республикасында финансылык рынокту жана аудитти
өнүктүрүүнүн тснденцияларын талдайт;
- баалуу кагаздар рыногунуи профсссиолал катышуучулары үчүн баалуу
кагаздар менен операцияларда тобокелди чектөөчү өздүк каражаттардын
жетиштүүлүгүнүн милдеттүү нормативдерин жана башка милдеттүү
талаптарды бекитет;
- баалуу кагаздардын эмитенттеринин жана баалуу кагаздар рыногунун
профессионал катышуучуларынын маалыматты ачыкка чыгарышынын талаптарын
жана эрежелерин (стандарттарын) аныктайт, ошондой эле берилген
маалыматтын тууралыгын контролдойт;
камсыздандыруучу жана мамлекеттик эмес пенсиялык
ишмердиктин практикасын жалпылайт.
8.2. Жөнго салуучу функциялары:
- баалуу кагаздар рыногунда профессионал ишмердикке лицензия берет,
ошондой эле Кыргыз Рсспубликасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган
учурда аталган лицензияларды убактылуу токтотот, кайра алат жана жокко
чыгарат;
- баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучулары (союздар,
ассоциациялар, бирикмелер) түзүүчү өзүн өзү башкаруучу уюмдардын иш
жүргүзүүсүнө уруксаттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
талаптары бузулган учурда андай уруксаттарды токтотот же жоёт, ошондой
эле озүн өзү башкаруучу уюмдардын реестрлерин жүргүзөт;
- камсыздандыруу уюмдарын, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорду
жана оюн-зоок субъскттеринин иш-аракеттерин лицензиялоону ишке ашырат,
ошондой эле Кыргыз Республикасыньш мыйзамдарынын талаптарын бузган
учурда көрсөтулгөн лицензиялардын колдонулушун токтотот, кайра алат
жана жоет;
- лотереялык иш жүргүзүү укугуна күбөлүктү каттайт жана берет,
ошондой эле эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган
учурда көрсөтүлгөн күбөлүктөрдүн колдонулушун токтотот, кайра алат
жана жоет;
- камсыздандыруу брокеринин иш-аракетин жүргүзүү укугуна уруксат
берет жана каттайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
талаптарын бузган учурда көрсөтүлгөн уруксаттардын колдонулушун
токтотот, кайра алат жана жоет;
- аудитордук иштерди лицензиялоону ишке ашырат, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда көрсөтүлгөн
лицензиялардын колдонулушун токтотот, кайра алып коет жана жоет;
аудитордук иш жүргүзүүнү каалаган жеке адамдарды
аттестациялоону ишкс ашырат.
8.3. Координациялоо, мониторинг жана контролдоо боюнча функциялары:
- баалуу кагаздарынын эмитенттеринин жана баалуу кагаздар рыногунун
профессионал катышуучулардын иштерине жалпы мониторинг жүргүзөт;
- баалуу кагаздар жана баалуу кагаздар рыногундагы маалыматтарды
ачыкка чыгаруу жагынан корпоративдик мамилелер боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контроль
жүргүзот;
- баалуу кагаздарды чыгарууну мамлекеттик каттоону, кайра каттоону,
ошондой эле аларды чыгаруунун жыйынтыктарын каттоону ишкс ашырат;
- Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздарынын бирдиктүү мамлекеттик
реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын фондулук рыногунда жүтүртулүүчү чет
өлкөлүк эмитенттер чыгарган баалуу кагаздардын эмиссиясынын
проспектилерин каттоону ишке ашырат;
банктык эмес финансылык рыноктун абалынын жалпы мониторингин
жүргүзөт;
- пайлык инвестициялык фонддордун эрежелерин, ошондой эле пайлык
инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын баштапкы
жайгаштыруунун жыйынтыктарын каттоону ишке ашырат;
- банктык эмес финансы системасын жонгө салуучу Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын көзомөлгө алынуучу чарбакер субъекттердин
сакташына контроль жүргүзөт;
- финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти, финансылык отчеттуулукту
жана аудитти өнүктүрүү, жөнгө салуу маселелери боюнча чет өлкөлөр
менен эл аралык уюмдардын финансы рынокторун көзөмөлдөө боюнча ыйгарым
укуктуу органдары менен кызматташтыкты ишке ашырат; '
- мамлекеттик органдардын чечимдерин финансылык отчеттуулуктардын
стандарттарына ылайык келтирүу боюнча алардьш иштерин координациялоону
ишке ашырат;
- камсыздандыруу, топтоочу пенсиялык, лотереялык жана оюн-зоок
иштеринин, баалуу кагаздар рыногунун жана корпоративдик башкаруунун
катышуучуларынын укуктары менен мыйзамдуу таламдарын коргоого
багьпталган чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча
талдоолорду жана баа берүүлөрдү, ошондой эле илимий изилдөөлөрдү
жүргүзүүнү уюштурат;
- эмитенттердин жана баалуу кагаздар рьшогунун профессионал
катышуучуларынын иштерине инвесторлордун арыздары менен даттанууларын
карайт;
- камсыздандыруу уюмдарына, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго
жана оюн-зоок иштеринин субъскттерине берилген, токтотулган жана
жоюлган лицензиялардын, лотереялык иштерди жана камсыздандыруу
брокеринин иштерин жүргүзүү укугуна уруксаттардын реестрин жүргүзөт;
- камсыздандыруу уюмдарыыын жана мамлекеттик эмес пенсиялык
фонддордун төлөө жондөмдүүлугүн контролдооиу ишке ашырат;
- камсыздандыруучулардын иштерине камсыздандырылгандар менен пайда
табуучулардын, кумар оюндары менен лотереялардын катышуучуларынын жана
мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун аманатчыларынын мамлекеттик
пенсиялык фонддордун иштерине арыздары менен даттанууларын карайт;
Кыргыз Республикасынын аудиторлорунун, аудитордук уюмдарынын,
жеке аудиторлордуи, профессионалдык аудитордук бирикмслердин
мамлекеттик реестрии жүргүзот;
- аудитордук уюмдар жана жеке аудиторлор аудиттин стандарттарын
сакташына контролдукту ишке ашырат.
8.4. Акысыз кьпмат көрсөтүүлор боюнча функциялары: ????
- баалуу кагаздар рыногуна катышуучулардын кесиптик дењгээлин
жогорулатууга¬ баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү маселеси боюнча
изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөктошөт;
- өз ыйгарым укуктарынын чектерииде баалуу кагаздар жөнүндө Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын колдонуу маселелери боюнча
консультацияларды жана түшүндүрмөлордү берет, ошондой эле тиешелүү
методикалык рекомендацияларды иштеп чыгат;
- конверсиялоо, бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана мамлекеттик
органдар менен экономикалык иш-аракеттин субъекттеринин суроо-
талаптары боюнча финансылык отчеттуулуктун бекитилген стандарттарына
ылайык финаисылык отчеттуулук түзүү маселелери боюнча
консультацияларды жана түшүндүрмөлордү берет.
8.5. Ишмердикти камсыздоо боюнча функциялары:
- Мамлексттик агенттиктин муктаждыктары үчүн товарларды берүүгө,
иштерди аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө, заказдарды жайгаштырууга,
ошондой эле иш-аракеттин белгиленген чойрөсүндө мамлекеттик башка
муктаждыктар үчүн илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө белгиленген
тартипте конкурстарды, анын ичинде башкаруучу компанияларды тандоо
боюнча конкурстарды өткөрүүнү жана мамлекеттик контракттарды түзүүнү
уюштурат;
- Мамлекеттик агенттиктин иш процессинде түзулүүчү архивдик
документтерди толуктоо, сактоо, эсепке алуу жана колдонуу боюнча
чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарыиа ылайык ишке ашырат;
- финансылык рыноктун иштеши жөнүндө жалпыга жеткиликтүү
маалыматтык база түзот;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча
методикалык материалдарды жана рекомендацияларды чыгарат;
- аудитти өнүктүрүү, бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү өркүндөтүү жана
финансылык отчетгуулуктун бекитилген стандарттарына ылайык финансылык
отчеттуулукту түзүү боюнча маалыматтык-аналитикалык база түзөт жана
колдоо көрсөтөт.
IV. Мамлекеттик агенттиктин укуктары
9. Мамлекеттик агенттик төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- мамлекеттик агенттиктин иш-аракет чойролөрүнүн маселелери боюнча
мыйзамдардын, нормативдик укуктук актылардын жана Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн чечими талап кылына турган башка
документтердин долбоорлорун, оиюндой эле мамлекеттик агенттиктин иш
планынын жана болжолдук көрсөткүчтөрүнүн долбоорун Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- мамлекеттик агенттиктин финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти,
финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө салууга багытталган иш-
аракет чөйрөсүнүн маселелери боюнча нормативдик укуктук актыларды
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана
тартипте көзомөлгө алынуучу чарбакер субъскттерден алардын финансылык-
экономикалык иш-аракеттери жөнүндө белгиленген отчетгорду,
справкаларды жаиа башка маалыматтарды, ошондой эле башка мекемелерге,
уюмдарга жана жарандарга тиешелүү маалыматтарды алуу үчүн кайрылууга;
- Кыргыз Республикасьшын мыйзамдарында каралган учурларда жана
тартипте көзөмолгө алынуучу чарбакер субъекттердин иш-аракетин
текшерүү жүргүзүүдө жеке аудиторлорду жана аудитордук уюмдарды
(аудитордук кызматтарды), укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана
башка адистерди ишке тартууга;
- көзөмөлгө алынуучу чарбакер субъекттердин иш-аракеттерин
текшерүүгө байланыштуу башка зарыл иш-чараларды жүргүзуүгө;
- профессионалдуу катышуучулар тарабынан баалуу кагаздар менен
бүтүмдөрдү тузүү тартибине коюлуучу талаптарды белгилөөгө;
- мамлекеттик агентство тарабынан баалуу кагаздар боюнча Кыргыз
Республикасынын мыйзамдары бузулган фактылар аныкталган учурларда
баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү түзүүнү токтотууга, ага богот коюуга;
- баалуу кагаздарды чыгарууну белгиленгсн тартипте жараксыз деп
табууга, баалуу кагаздардын эмитентгери жоюлган, кайра түзүлгөн
учурларда баалуу кагаздарды чыгарууну жоюуга жана баалуу кагаздарды
чыгаруу сот тарабынан жараксыз деп табылганда аларды жок кылууга;
- баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучуларынын жана
баалуу кагаздардын эмитенттеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте баалуу кагаздардын
эмитенттери жана баалуу кагаздар рыногунун профессионал катышуучулары
мснен байланышкан кызыкчылыктары бар (инсайдерлер жана аффиллирленген
компаниялар) ар кандай субъекттердин иш-аракеттсрин уюштуруучулук-
укуктук формаларына карабастан текшерүү жүргүзүүгө;
- эмитенттерге жана баалуу кагаздар рыногунун профессионал
катышуучуларына, алардын кызмат адамдарына карата баалуу кагаздар
жөнүндө мыйзамдарды бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
каралган административдик жоопкерчилик чараларын колдонууга;
- Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча,
анын ичинде баалуу кагаздарды чыгарууну жараксыз деп табуу, баалуу
кагаздар менен бүтүмдордү жараксыз деп табуу жөнүндө укук коргоо
органдарына материалдарды жиберүүгө жана сотко доо менен кайрылууга;
- инвестициялык фонддордун активдери же пассивдери менен
операцияларды токтотууга, инвестициялык фонддун убактылуу
башкаруучусун дайындоого, опюндой эле алар тарабынан Кыргыз
Республикасынын нормативдик укуктук актыларын бузуу фактылары
аныкталган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка
чараларды көрүүгө;
- акционердик коомдорду башкаруу органдарынан акционерлердин
кезектен тышкаркы жалпы чогулуштарын өткөрүүнү талап кылууга;
- баалуу кагаздардын эмитенттерине жана баалуу кагаздар рыногунун
профессионал катышуучуларына, ошондой эле өз алдынча жөнгө салынуучу
уюмдарга өз компетенциясынын чектеринде аткаруу үчүн милдеттүү болгон
көрсөтмөлөрдү жиберүүгө жана алардан керектүү документтерди берүүнү
талап кылууга;
камсыздандыруу иштерин, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун
иштерин, оюн-зоок жайларын түзүү жана кармоо боюнча иштерди
жүргүзүүгө, кумар оюндарын уюштурууга лицензияларды (уруксаттарды)
токтотууга жана кайра алууга, иш-аракеггердин бул түрлөрүн жүргүзүүгө
лицензияларды (уруксаттарды) берүүдөн Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган негиздерде баш тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурларда
лотереялык иштерди жүргүзүү укугуна күбөлүктөрдүн колдонулушун
токтотууга, аларды кайра алууга жана жоюуга;
- камсыздандыруу уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын
талаптарын, камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) иш-аракетин
жүргүзүүнү жөнгө салуучу тартибин бузгандыгы аныкталган учурларда
камсыздандыруучуларга жогоркудай кемчиликтерди четтетүү боюнча
көрсөтмолөрдү берүүго, ал эми ал көрсөтмөлөрдү аткарбаган учурларда
тиешелүү лицензиялардын колдонулушун аныкталган тартип бузууларды
четтеткенге чсйин токтотуп коюуга, же болбосо лицензияларды кайра алуу
жөнүндө чечим кабыл алууга;
- мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын талаптарын, мамлекеттик эмес пенсиялык камсыздоо боюнча
иш аракет жүргүзүүнү жөнгө салуучу тартипти бузгандыгы аныкталган
учурларда мамлекеттик эмес пенсиялык фонддорго жогоркудай
кемчиликтерди четгетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө, ал эми ал
көрсөтмөлөрдү аткарбаган учурларда тиешелүү лицензиялардын
колдонулушун аныкталган тартип бузууларды четтеткенге чейин токтотуп
коюуга, же болбосо лицензияларды кайра алуу жөнүндө чечим кабыл
алууга;
- лотереялык иш-аракеттин тартиптерин бузуулар аныкталган учурда
лотереялык иштерди жүргүзүүгө күбөлүктөрдү кайра алып коюу жөнүндө
мыйзамдарда белгиленген тартипте чечим кабыл алууга;
- оюн-зоок бизнес жүргүзүүчү субъекттер Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын талаптарын, оюн-зоок иштерин жүргүзүүнү жөнгө салуучу
тартипти бузган учурларда оюн-зоок бизнесинин субъекттерине жогоркудай
кемчиликтерди четтетүү боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө, ал эми ал
көрсотмөлөрдү аткарбаган учурларда тиешелүү- лицензиялардын
колдонулушун аныкталган тартип бузууларды четтеткенге чейин токтотуп
коюуга, же болбосо лицензияларды кайра алуу жөнүндө чечим кабыл
алууга;
- Кыргыз Республикасынын таламдарын көрсөтүү менен бухгалтердик
эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит жагынан эл аралык
долбоорлорду, макулдашууларды жана программаларды даярдоого жана ишке
ашырууга катышууга;
- жумушчу топторду (анын ичинде келишимдик негизде да) түзүүгө жана
бухгалтердик эсенти, финансылык отчеттуулукту жана аудитти жөнгө
салуучу нормативдик укуктук актыларды, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп
чыгууга катышууга мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, бухгалтердик эсеп
жана аудит боюнча адистерди, илимий мекемелердин, жогорку окуу
жайлардын, бухгалтерлер менен аудиттердин профессионалдык
бирикмелеринин адистерин ишке тартууга;
- аудитордук иштерди жүргүзүүгө, лицензияны токтотууга жана кайра
алып коюуга, ошондой зле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
негиздер боюнча аудитордук иш жүргүзуүгө лицензияларды берүүдон баш
тартууга;
- өз компетенциясынын чектеринде аудиторлорго, аудитордук уюмдарга
жана алардын бирикмелерине аудитордук иш-аракет тармагында Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарын жол берилген бузууларды четтетүү жөнүндө
аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөрдү жиберүүгө жана алардан керектүү
документтерди берүүнү талап кылууга;
- Мамлекеттик агенттикке жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн
мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте
суроого жана алууга;
- Мамлекеттик агенттик аймактык органдарын түзүү жаиа жоюу, ошондой
эле иш-аракет жүргүзүү тартибин аныктоо боюнча чсчим кабыл алууга;
- Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун, бухгалтердик эсебин,
финансылык отчеттуулугун жана аудитин онүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн
белгиленген тартипте кызматтарды жана башка илимий, маалыматтык
уюмдарды түзүүгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар үчүн экономикалык
жана администрациялык санкцияларды, айыптарды салуута;
- баалуу кагаздарды чыгаруунун мамлекеттик каттоосунан өтнөгөн
баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган кирешелерди, ошондой эле
тиешелүү уруксатсыз (лицензиясыз) ишке ашырылуучу баалуу кагаздар
боюнча профессионалдык иш-аракеттен алынган кирешелерди бюджетке
өндүрүүгө.
Мамлекеттик агенттик ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн укуктар менен катар
эле ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген башка укуктарга
да ээ.
V. Мамлекеттик агенттиктин структурасы
10. Мамлекеттик агенттиктин структурасы төмөнкүлөрдөн турат:
- Аткаруу Кецешинен;
-Борбордук аппараттан;
- Аймактык бөлүмдөрдөн.
Аймактык бөлүмдөрдүн системасына Мамлекеттик агенттиктин Түндүк-
чыгыш бөлүмү жана Түштүк-батыш бөлүмү кирет.
VI. Аткаруу кецешинин мүчөлорүнүн ыйгарым укуктары
11. Мамлекеттик агенттиктин Аткаруу кењешинин курамына аткаруу
кењешинин төрагасы - мамлекеттик агенттиктин директору, директордун
орун басары - аткаруу кењешинин мүчөсү жана аткаруу кењешинин үч
мүчөсү кирет.
Мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан
кызматка дайындалуучу жана бошотулуучу, Мамлекеттик агенттиктин
аткаруу кењешинин төрагасынын функциясын ишке ашыруучу директор
башчылык кылат. Директордун орун басарын кошо алганда Аткаруу
кењешинин мүчөлөрү Мамлекеттик агенттиктин директорунун сунушу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана
бошотулат.
12. Мамлекеттик агенттиктин директору:
- Мамлекеттик агенттиктин иш-аракетине жетекчилик кылат;
- Мамлекеттик агенттикти күтүүгө жана ага жүктөлгөн милдеттерди
ишке ашырууга каралган мамлекеттик бюджеттин каражатгарын башкы
тескөөчүнүн жана алуучунун функциясын ишке ашырат;
- Мамлекеттик агенттик кабыл алган документтерге кол коет;
- Мамлекеттик агенттиктин көрсөтмөлөрүн жиберет;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын структуралык
подразделениелери жана аймактык бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин борбордук аппаратынын кызматкерлерин
кызматка дайындайт жана бошотот;
- Аткаруу кењешинин жактыруусу менен Мамлекеттик агенттиктин
ведомстволук жана аймактык органдарынын жетекчилерин кызматка
дайындайт жана бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында белгиленген тартипте көтөрмөлөө жана тартип чараларын
колдонот;
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн актыларынын негизинде жана аткаруу үчүн
Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер, ошондой эле
Мамлекеттик агенттиктин ички иштерин уюштуруу маселелери боюнча
буйруктарды чыгарат;
Мамлекеттик агенттиктин, анын аймактык бөлүмдөрүнүн
кызматкерлерин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтөт;
- Мамлекеттик агенттиктин структурасын жана кызматкерлеринин
штаттык расписаниесин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
бекитүүсүнө киргизет;
- аймактык бөлүмдөрүнүн структурасын жана штаттык расписаниесин
белгиленген санда жана эмгекке акы төлөө фондунун чегинде бекитет;
- Мамлекеттик агенттиктин атынын ишеним каттарды берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Мамлекеттик
агенттиктин мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- тиешелүү структуралык подразделениелердин жана аткаруу кењешинин
тескөөчү мүчөлөрүнүн сунуштары боюнча Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган ишмердиктерди жүргүзүү укугуна уруксат берүү
жөнүндө чечим кабыл алат;
- тиешелүү структуралык подразделениелердин сунуштары боюнча баалуу
кагаздарды чыгарууну каттоо, кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алат;
- ага тапшырылган ишмердик чөйрөсүндө жеке жоопкерчилик тартат;
- Мамлекеттик агенттиктин Жободо айтылган милдеттеринин жана
функцияларынын аткарылышын жалпысынан камсыздоо үчүн жоопкерчилик
тартат.
13. Мамлекеттик агенггиктин директорунун орун басары:
- Мамлекеттик агенттиктин директору жок болгон учурда белгиленген
тартипте анын милдетин аткарат;
- белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде Мамлекеттик агенттиктин
структуралык подразделениелеринин жетекчилерине көрсөтмө берет;
- ага тапшырылган ишмердик чойрөсүндө жеке жоопкерчилик тартат.
14. Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин мүчөлөрү:
- ушул жобо жана/же Мамлекеттик агенттиктин директорунун чечимдери
менен белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде Мамлекеттик
агенттиктин структуралык подразделениелеринин жетекчилерине көрсөтмө
берет;
- Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин заседаниесинин
протоколуна өзүнүн өзгөчө пикирин же айрым материалдар боюнча кошумча
материалдарды жазуу жүзүндө же оозеки түрүндө киргизет;
- Мамлексттик агенттиктин аткаруу кењешинин бир мезгилде үч
мүчөсүнүн сунушу болгон учурда анын кезексиз заседаниесин чакырууга
демилге көтөрүшү мүмкүн;
- баалуу кагаздар рыногунун, камсыздандыруу рыногунун, аудиттин
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул жобо менен
Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына берилген башка ишмердиктердин
айрым маселелерин жөнгө салууга карата жазуу жүзүндө сунуш киргизет,
ал милдеттүү түрдө Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин
заседаниесинде каралууга тийиш;
- ушул жобо жана/же Мамлекеттик агенттиктин директорунун чечимдери
менен белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде республикада
финансылык рынокту жана аудитти өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын ишке
ашырууга байланышкан айрым маселслердин же маселелердин комплексинин
аткарылышынын жүрүшүн контролдойт;
- аларга тапшырылган ишмсрдик чөйрөсүндө жеке жоопкерчилик тартат.
VII. Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин иштерин уюштуруу
15. Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин заседаниеси
зарылдыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт, анда
ушул Жободо белгиленген иш-милдеттерине жана укуктарына ылайык
Мамлекеттик агенттиктин коллегиалдуу чечим кабыл алышын талап кылган
маселелер каралат.
Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењшинин кезексиз заседаниеси
Мамлекеттик агенттиктин директорунун же анын үч мүчөсунун чсчими
боюнча чакырылууга акылуу.
16. Аткаруу кењеши тарабынан төмөнкү маселелер боюнча чечимдер
кабыл алынат:
- финансылык рынокто Мамлекеттик агеиттиктин ишмердигинин
стратегиясын бекитүү жана аны жөнгө салуу маселелери боюнча
мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялоо;
- Мамлекеттик агенттиктин алдында консультациялык-кењешме
органдарын түзүү жана жоюу;
- тиешелүү структуралык иодразделениелердин сунуштары боюнча
көзөмөлдөнүүчү чарбакер субъекттер тарабынан түзүлгөн өзүн өзү жөнгө
салуучу уюмдардын ишмердик жүргүзүүлөрүнө уруксаттарды берүү, ошондой
эле Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында каралган
учурларда берилген уруксаттарды токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө
чечим кабыл алат;
- баалуу кагаздар рыногунун ишмердигин, камсыздандыруу, аудитордук
ишмердикти, мамлекеттик эмес пенсиялык фонддордун ишмердиктерин жана
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ага берилген ыйгарым
укуктарынын чектеринде Мамлекеттик агенттик тарабынан жөнгө салынуучу
башка ишмердиктерди жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды
бекитүү;
- бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит жаатында
нормативдик укуктук актыларды, финансылык отчеттуулук жана аудит
стандарттарын. колдонуу боюнча методикалык рекомендацияларды бекитүү;
- Мамлекеттик агенттиктин айрым жөнгө салуучу иш-милдеттерин анын
аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
- баалуу кагаздарды чыгаруунун жыйынтыктарын каттоо жөнүндө чечим
кабыл алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда
баалуу кагаздарды чыгарылышын жараксыз деп таануу, убактылуу токтотуу
же жокко чыгаруу;
- эгерде текшерүүнүн жыйынтыгы коллегиалдуу чечим кабыл алууну
талап кылган маселелерди кароо зарылдыгына алып келсе, ошондой эле
текшерүүнүн жыйынтыгы материалдарды укук коргоо органдарына жиберүүгө
же Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген маселелер боюнча
сотко доо менен кайрылууга алып келсе, көзөмөлдөнүүчү чарбакер
субъекттердин ишмердиктерин текшерүү жыйынтыктарын кароо;
- баалуу кагаздар боюнча Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук
актыларын бузгандыктары үчүн лицензиаттарга экономикалык санкцияларды
салуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- баалуу кагаздар менен кесиптик ишмердикти жүргүзүүчү адамдарга
жана уюмдарга коюлуучу квалификациялык талаптарды бекитүү.
Башка маселелер боюнча чечим кабыл алуу борбордоштурулган баш ийүү
принцибинде ишке ашырылат. Бул учурда Мамлекеттик агенттиктин аткаруу
кењешинин мүчөлөрү кењеш берүүчү добуш гана укугуна ээ болот, ал эми
Мамлекеттик агенттиктин директору Мамлекеттик агенттиктин аткаруу
кењешинин заседаниесин чакырбастан эле ушул Жободо белгиленген ыйгарым
укуктарына ылайык өз алдынча чечим кабыл алууга акылуу.
17. Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин заседаниесинин
материалдары заседание өткөрүлүүчү күнгө чейин үч күндөн
кечиктирилбестен аткаруу кењешинин мүчөлөрүнө берилүүгө тийиш.
Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кецешинин заседаниесинин кворуму
төрт мүчөдөн турат, анын бири Мамлекеттик агенттиктин директору же
анын орун басары болууга тийиш. Чечимдерди кароо жана кабыл алуунун
жүрүшүндө Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин мүчөлөрү тарабынан
айтылган өзгөчө пикирлер протоколго киргизилет.
Чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тењ болуп
калган учурда Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин заседаниесине
төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынат.
Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин заседаниесин Мамлекеттик
агенттиктин директору алып барат, ал эми ал жок болуп калган учурда
бул иш-милдетти аиын орун басары аткарат.
18. Мамдекеттик агенттиктин алдында консультациялык-кењешчи орган -
Эксперттик кењеш түзүлөт, ал Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењеши
бекиткен Жобонун негизинде аракетгенет.
Мамлекеттик агенттиктин директору Эксперттик кењештин жекече
курамып бекитет, анын мүчөлөрүнүн 2/3 бөлүгү агенттик тарабынан жөнгө
салынуучу субъекттердин бизнес-ассоциациялары, өзүн өзү жөнгө салуучу
кесиптик уюмдар тарабынан сунуш кылынат.
19. Мамлекеттик агенттиктин алдында Окуу-маалыматгык борбор иштейт,
ал өз ишин Мамлекеттик агенттиктин аткаруу кењешинин чечими менен
бекитилген жобого ылайык жүргүзөт.
Окуу-маалыматтык борбордун жетекчисин Мамлекеттик агенттиктин
директору кызматка дайындайт жана бошотот.
20. Мамлекеттик агенттик жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын
15-апрелден кечиктирбестен өзүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө отчет берет.
VIII. Бюджетке алынуучу жыйымдар жана анын ишин каржылоо
21. Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөрдү мамлекеттик каттоодон
өткөргөндүгү үчүн бир мезгилдүү комиссиялык жыйым алат:
- уставдык капиталынын 0,5 проценти өлчөмүндө акцияларды
уюштуруучулук чыгаруудан;
- баалуу кагаздарды жайгаштырылган чыгаруу көлөмүнүн 0,5 проценти
өлчөмүндө аны алдын ала аныкталган адамдар чөйрөсүнө жайгаштырууда
баалуу кагаздарды чыгаруудан;
- баалуу кагаздарды жайгаштырылган чыгаруу көлөмүнүн 0,3 проценти
өлчөмүндө аны алдын ала аныкталбаган адамдар чөйрөсүнө жайгаштырууда
баалуу кагаздарды чыгаруудан;
- «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Рсспубликасынын Мыйзамынын
23-статьясынын 3-пунктуна ылайык акционердик коом тарабынан
чыгарылган акциялардын номиналдык наркын уставдык капиталды
көбөйтүү суммасынын 0,2 проценти өлчөмүндө көбөйтүүдөн;
- фондулук биржаларда баалуу кагаздары листинг жолжобосунан өткөн
эмитенттердин баалуу кагаздарын чыгаруудан, баалуу кагаздарды
жайгаштырылган чыгаруунун көлөмүнүн 0,2 проценти өлчөмүндө.
Баалуу кагаздарды каттоодо баалуу кагаздардын эмитенти эњ аз айлык
эмгек акынын он эсе өлчөмүндө алгачкы взнос төлөйт. Мамлекеттик каттоо
үчүн жыйымдын калган бөлүгү эмитент тарабынан баалуу кагаздарды
жайгаштыруунун жыйынтыгы жөнүндө отчет берген учурда төлөнөт.
Мамлекеттик агенттик мамлекеттик кайра каттагандыгы үчүн төмөнкү
учурларда эњ аз айлык эмгек акынын он эсе өлчөмүндө бир мезгилдуү
комиссиялык жыйым алат:
- коомдун жүгүртүлүүчү акцияларынын саны азайганда;
- артыкчылыктуу акциялар жөнөкөйгө конвертацияланганда;
- башка баалуу кагаздар акцияларга конвертацияланганда;
- акциялар бириктирилгенде же майдаланганда.
Баалуу кагаздардын чыгарылыштарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо
үчүн чет өлкөлүк эмитенттерден ушул пунктта белгиленген өлчөмдө
Мамлекеттик агенттик тарабынан бир мезгилдүү комиссиялык жыйым алынат.
22. Мамлекеттик агенттик лотереялык ишмердик жүргүзүү укугуна
күбөлүк бергендиги үчүн акы алат.
23. Мамлекеттик агенттиктин ишмердигин каржылоо республикалык
бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
IX. Мамлекеттик агенттиктин мүлкү
24. Мамлекеттик агенттиктин имараты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү
мамлекеттик менчик болуп эсептелет жана мамлекеттен ажыратууга жана
менчиктештируүгө жатпайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (1)
- Постановление Госагенства по финнадзору и отчетности КР от 4 октября 2006 года № 92-п "Об утверждении Правил проведения квалификационного экзамена (аттестации) претендентов на…Постановление · 04.10.2006 · № 92 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтомуПостановление · 02.12.2005 · № 551 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 2-июнундагы № 345 буйругуРаспоряжение · 02.06.2006 · № 345
- Распоряжение Руководителя Аппарата Премьер-министра-министра КР от 2 августа 2006 года №188 (Разъяснение Правительства КыргызскойРеспублики о порядке применения пунктов 6-11…Распоряжение · 02.08.2006 · № 188
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-январы № 26 токтомуПостановление · 17.01.2006 · № 26 · Күчүн жоготкон
- Распоряжение Премьер-министра КР от 14 декабря 2005 года №606Распоряжение · 14.12.2005 · № 606 · Күчүн жоготкон
- Правила проведения квалификационного экзамена (аттестации) претендентов на право получения квалификационного сертификата аудитора (утверждены постановлением Госагентства по…Правила · 04.10.2006 · № 92 · Күчүн жоготкон