# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 551
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56686>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11025/edition/325583/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56686.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы №551 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому (24.07.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56686

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

24-июлундагы № 288 токтомуна ылайык

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 2-декабры, №551

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана

отчёттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-сентябрындагы №

419 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана

отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикти түзүү жөнүндө» Жарлыгын

аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасыньш Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана

отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө тиркелген жобо

бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана

отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин штатынын

сандык чеги (тейлөөчү персоналдан башкасы) 97 штаттык бирдик санында

белгиленсин, анын ичинде:

- аткаруучу кењеш - 5 штаттык бирдик;

- борбордук аппарат - 73 штаттык бирдик;

- аймактык бөлүмдөрдүкү - 19 штаттык бирдик.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу

боюнча мамлекеттик комиссия жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

караштуу Финансылык отчёттуулуктун стандарттары жана аудит боюнча

мамлекеттик комиссия өздөрүнө бекитип берилген бардык материалдык-

техникалык каражаттарды, имараттарды жана кызматтык жайларды,

автотранспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикке

аныкталган тартипте өткөрүп беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Банктык эмес

финансылык секторду өнүктүрүү боюнча агентствонун кызматкерлеринин

карамагына бекитип берилген бардык материалдык-техникалык каражаттарды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана

отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикке аныкталган тартипте өткөрүп

берсин;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Банктык эмес

финансылык секторду өнүктүрүү боюнча агентствосунун аппаратын жана

тейлөөчү персоналын кармоо үчүн 2005-жылдын бюджетинде каралган

каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

көзөмөл жана отчеттуулук боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүп берсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 3-мартындагы № 75

«Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө» токтому менен

бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

жөнүндө жобого жана башка нормативдик укуктук актыларга ушул токтомдон

келип чыгуучу тийштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караштырган Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизсин.

5. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 30-сентябрындагы №

446 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баапуу кагаздар менен

операцияларды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агентствону өзгөртүп

уюштурууга байланыштуу уюштуруу маселелери жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 10-январындагы № 16

«Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар рыногун мамлекеттик жөнгө

салуу жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы № 108

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу

боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-декабрындагы №

794 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 19-мартындагы № 108

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу

боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 30-декабрындагы №

827 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баалуу кагаздар рыногу

боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2001-жылдын 19-мартындагы № 108 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-апрелиндеги №

316 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык

отчеттуулуктун стандарттары жана аудит боюнча мамлекеттик комиссия

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык көзөмөл жана отчеттуулук

боюнча мамлекеттик агенттикти: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 144

дарегине жайгаштыруу маселесин чечсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жана

экономикалык өнүктүруү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
