# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен кӨтӨрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү эң жогорку ченемдерин бекитүү жӨнүндӨ" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен кӨтӨрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү эң жогорку ченемдерин бекитүү жӨнүндӨ" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 548
- Кабыл алынган күнү: 02.12.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11022/edition/404623/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56683.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-декабрындагы № 548 "Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен кӨтӨрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү эң жогорку ченемдерин бекитүү жӨнүндӨ" токтому (22.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56683

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-декабрындагы № 817 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 2-декабрындагы № 548

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Аялдар жана 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен кӨтӨрүүчү

жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү эњ жогорку

ченемдерин бекитүү жӨнүндӨ

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 294 жана 303-статьяларын

ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- 18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен ташуучу жана жылдыруучу

оордуктардын чектик жол берилчү эњ жогорку ченемдери, № 1 тиркемеге

ылайык;

- аялдар кол менен кӨтӨрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын чектик

жол берилчү эњ жогорку ченемдери, № 2 тиркемеге ылайык.

2. Оордуктарды кол менен ташуунун, кӨтӨрүүнүн жана жылдыруунун ушул

токтом менен аныкталган чектик жол берилчү эњ жогорку ченемдери

менчигинин формасына жана ишинин түрүнӨ карабастан бардык уюмдар үчүн

милдеттүү экени белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен

бирдикте ушул токтомдун жоболорун түшүндүрүү боюнча тийиштүү иш

жүргүзсүн.

4. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине караштуу Мамлекеттик

эмгек инспекциясына жүктӨлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн

2005-жылдын 2 –декабрындагы

№ 548 токтомуна № 1 тиркеме

18 жашка чейинки кызматкерлер кол менен ташуучу

Жана жылдыруучу оордуктардын чектик жол берилчү

эњ жогорку ченемдери

| Жумуштун мүнөзү, | Жүктүн чектик жол берилчү массасы,кг |  |  |  |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
| эмгектин оордугунун | \------------------------------------ |  |  |  |  |  |  |  |
| көрсөткүчтөрү | Уландар | Кыздар |  |  |  |  |  |  |
|  | 14 | 15 | 16 | 17 | 14 | 15 | 16 | 17 |
|  | жаш | жаш | жаш | жаш | жаш | жаш | жаш | жаш |
| Жүктү иш нөөмөттүн ичинде | 3 | 3 | 4 | 4 | 2 | 2 | 3 | 3 |
| такай кол менен көтөрүү жана |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жылдыруу |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Жүктү иш нөөмөттүн 1/3 бөлүгүнүн ичинде кол менен көтөрүү жана |  |  |  |  |  |  |  |  |
| жылдыруу: |  |  |  |  |  |  |  |  |
| - такай (саатына 2 жалудан ашык) | 6 | 7 | 11 | 13 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| - башка иш менен аралаштырууда | 12 | 15 | 20 | 24 | 4 | 5 | 7 | 8 |
| (саатына 2 жолуга чейин) |  |  |  |  |  |  |  |  |
| Нөөмөттө жылдырылчу жүктүн суммалык салмагы: |  |  |  |  |  |  |  |  |
| - жумуш жасалчу дењгээлден | 400 | 500 | 1000 | 1500 | 180 | 200 | 400 | 500 |
| көтөрүү |  |  |  |  |  |  |  |  |
| - астанадан көтөрүү | 200 | 250 | 500 | 700 | 90 | 100 | 200 | 50 |

ЭскертүүлӨр:

1. Оордуктарды кӨрсӨтүлгӨн ченемдердин чектеринде кӨтӨрүүгӨ жана

жылдырууга эгер бул такай аткаруучу кесиптик ишке түздӨн түз

байланыштуу болсо жол берилет.

2. КӨтӨрүлчү жана жылдырылчу жүктүн салмагына таранын жана

упаковканын салмагы кошо кирет.

3. Жүктү арабада же контейнерде жылдырууда жумшалчу күч тӨмӨндӨ

кӨрсӨтүлгӨндӨн ашпоого тийиш:

уландар үчүн: 14 жашта -12 кг, 15 жашта - 15 кг, 16 жашта - 20 кг,

17 жашта - 24 кг;

кыздар үчүн: 14 жашта - 4 кг, 15 жашта - 5 кг, 16 жашта - 7 кг, 17

жашта - 8 кг.

Премьер-министрдин

Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев

Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн

2005-жылдын 2 –декабрындагы

№ 548 токтомуна № 2 тиркеме

Аялдар кол менен кӨтӨрүүчү жана жылдыруучу оордуктардын

чектик жол берилчү эњ жогорку ченемдери

| Жумуштун мүнөзү | Жүктүн чектик жол |
| --- | --- |
|  | берилчү салмагы |
| Башка иш менен аралаштырууда | 10 кг |
| оордуктарды көтөрүү жана жылдыруу |  |
| (саатына 2 жолуга чейин) |  |
|  |  |
| Оордуктарды иш нөөмүттүн ичинде | 7 кг |
| такай көтөрүү жана жылдыруу |  |
|  |  |
| Иш нөөмөттүн ар бир жумушчу саатынын |  |
| ичинде жасалчу кыймылдуу жумуштун көлөмү |  |
| төмөндө көрсөтүлгөндөн ашпашы керек: |  |
|  |  |
| жумуш жасалчу дењгээлден | 1750 кГм |
|  |  |
| астанадан | 875 кГм |

Эскертүү:

1. КӨтӨрүлчү жана жылдырылчу жүктүн салмагына таранын жана

упаковканын салмагы кирет.

2. Жүктү арабада же контейнерде жылдырууда жумшалчу күч 10 кг дан

ашпоого тийиш.

Премьер-министрдин

Аппарат жетекчиси-министр Т.Коеналиев
