Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту жӨнүндӨ ЖОБО (Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн
2005-жылдын 30-ноябрындагы № 546
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология
улуттук институту жӨнүндӨ
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук
институту «Кыргызстандарт» (мындан ары - СМУИ) стандартташтыруу жана
ченӨӨнүн бирдейлигин камсыздоо боюнча улуттук органдын статусу бар
мамлекеттик мекеме болуп эсептелет.
2. СМУИ Өзүнүн ишмсрдигинде Кыргыз Рсспубликасынын Конституциясын
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасыыын
Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын
ӨкмӨтүнүн токтомдорун жана буйруктарын, Кыргыз Республикасы
катышуучусу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнӨ
кирген эларалык келишимдерди жана макулдашууларды, ошондой эле ушул
Жобону жетекчиликке алат.
3. СМУИ юридикалык жак болуп эсептелет, анын Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик герби чагылдырылган, мамлекеттик жана расмий тилдерде
аталышы жазылган мӨӨрү, ошондой эле Өзүнүн ишмердигин ишке ашыруу үчүн
башка керек болгон мӨӨрү, штампы, бланкалары бар.
СМУИ Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин
Казыначылык тутумунда, банкта белгиленген тартипте эсеп-кысап жана
башка керектүү эсептерди ачууга укугу бар, Өз алдынча баланска ээ.
4. СМУИ техникалык регламенттердин жана стандарттардын сакталышына
мамлекеттик кӨзӨмӨл жүргузүү боюнча иш-милдеттерден келип чыккан
укуктарды жана милдеттерди кошпогондо Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнӨ
караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик
инспекциянын укугун улантуучу болуп эсептелет.
5. СМУИнин жайгашкан орду - Бишкек шаары, Панфилов кӨчӨсү,197.
II. СМУИнин негизги максаттары
6. СМУИнин негизги максаттары болуп тӨмӨндӨгүлӨр эсептелет:
- эларалык эрежелерге жана сунуштоолорго ылайык
стандартташтыруунун улуттук системасын түзүү жана Өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасында ченӨӨнүн бирдейлигин камсыз кылуу үчүн
метрология жаатында иш жүргүзүү;
- улуттук эталондук базаны колдоо.
III. СМУИнин негизи милдеттери
7. СМУИнин негизи милдеттери болуп тӨмӨндӨгүлӨр эсептелет:
7.1 Стандартташтыруу жаатында:
- илимий-техникалык прогрессти стимулдаштыруу;
- илимдин, техниканын жана технологиянын Өнүтүү дењгээлине ылайык
процедуралардын, иштердин жана кызмат кӨрсӨтүүлӨрдүн атаандаштык
жӨндӨмдүүлүгүн жогорулатуу;
- табигый жана техногендик мүноздӨгү ӨзгӨчӨ кырдаалдардын келип
чыгуу тобокелдик даражасын эсепке алуу менен объекттердин коопсуздук
дењгээлин жогорулатуу;
- ресурстарды сарамжалдуу жана үнӨмдүү пайдаланууга кӨмӨк
кӨрсӨтүү;
- сыноонун жана ченӨӨнүн жыйынтыктарынын техникалык жана
маалыматтык сыйышкычтыгын, салыштырмалуулугун, продукциялардын Өз ара
алмашуучулугун камсыз кылуу;
- калктын жашоо-турмушунун, ден соолугунун, ошондой эле жаныбарлар
менен ӨсүмдүктӨрдүн жашоо тиричилиги менен Өсүп-Өнүгүшүнүн, жеке жана
юридикалык жактардын мүлкүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктүн,
айлана-чӨйрӨнү, анын ичинде техникалык регламенттердин талаптарын
аткарууга, эларалык стандарттарды, нормаларды жана зрежелерди
колдонууга кӨмӨк кӨрсӨтүү үчүн коопсуздук дењгаэлин жогорулатуу.
7.2 Метрология жаатында:
- Кыргыз Республикасынын ченӨӨнүн бирдейлигин камсыз кылуу;
- улуттук экономиканы ӨнүктүрүүдӨ ченӨӨлӨрдүн жана стандарттардын
ролун чыњдоо үчүн эларалык бирдиктер системасы (СИ) ченӨӨлӨр
системасынын шайкеш келишин камсыз кылуу.
7.3 Техникалык маалымат жаатында:
- СМУИнин ишмердигине байланышкан маселелер боюнча маалыматтык
камсыздоо, кызмат кӨрсӨтүүлӨр жана окутуулар.
7.4 Эларалык кызматташтык жаатында:
- Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу метрология улуттук
системасын жана бул багыттарга байланышкан тармактарда башка
талаптарды СМУИнин компетенциясынын чегиндеги, соодадагы техникалык
тоскоолдуктарды томӨидӨтүү максатында эларалык, региондук, башка
ӨлкӨлӨрдүн стандартташтыруу, метрология боюнча прогрессивдүү улуттук
системасы менен шайкеш келтирүү.
IV. СМУИнин иш-милдеттери
8. СМУИ өзүнӨ жүктӨлгөн максаттарды аткаруу үчүн тӨмӨндӨгүдӨй иш-
милдеттерди ишке атырат:
8.1 Стандартташтыруу жаатында:
- улуттук гжономиканын кызыкчылыгына, илимдин, техниканын жана
технологиянын дењгээлине улуттук стандартташтыруу тутумунун
шайкештигин камсыздоо;
- стандартташтыруу жаатында стратегияны иштеп чыгуу, аны ишке
ашырууну уюштуруу;
- «Стандарттарды иштеп чыгуу, кабыл алуу жана колдонуу боюнча ак
ниет практика кодексинин» негизинде ДүйнӨлүк соода уюмунун соодадагы
техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуусуна ылайык, стандарттарды,
эрежелерди, жолжоболорду жана сунуштоолорду иштеп чыгуунун, кабыл
алуунун жана колдонуунун тартибин белгилӨӨ;
- улуттук стандарттарды иштеп чыгуу программасын кабыл алуу;
- улуттук стандарттарды бекитүү;
- стандартташтыруу боюнча документтерди эларалык талаптарга шайкеш
келтирүү;
- стандартташтыруу, метрология, сертификаттоо жаатында
макулдашуулардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- акы тӨлӨӨ негизинде жеке жана юридикалык жактардын
керектӨӨчүлӨрүнүн кењири чӨйрӨлӨрүнӨ жеткиликтүү стандартташтыруу
боюнча стандарттардын долбоорлорун жана башка документтерди иштеп
чыгууну, экспертизалоону уюштуруу;
- стандартташтыруу боюнча улуттук стандарттарды, эрежелерди,
жолжоболорду жана сунуштоолорду калктын колдонушу үчүн эсепке алуу
жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
- стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин иштерин уюштуруу
жана алардын ишмердиктерин координациялоо;
- сапат боюнча Кыргыз Республикасынын сыйлыгын изденип алууга
конкурс ӨткӨрүү боюнча иштерди уюштуруу.
8.2 Метрология жаатында:
- чоњдук бирдиктеринин улуттук эталондорун иштеп чыгуу, сактоо жана
ӨркүндӨтүү, Эларалык бирдиктер системасынын чоњдуктарынын негизги жана
туунду бирдиктеринин ӨлчӨмун кайрадан чыгаруу жана ӨткӨрүп берүү;
- чарбакер субъекттерге метрологиялык кызмат кӨрсӨтүүлӨр
(калибровка, ченӨӨ каражаттарына байкоо жүргүзүү, сыноолук жана
диагностикалык жабдууларды аттестациялоо ж.б.);
- ченӨӨ каражаттарынын тибин бекитүү;
- ченӨӨ каражаттарын жана стандарттык үлгүлӨрдүн мамлекеттик
реестрин жүргүзүү;
- ченӨӨнүн бирдейлигин камсыздоо абалын баалоонун мониторингин
жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнӨ тийиштүү маалыматтарды
берүү;
- ченӨӨ каражаттарын метрологиялык аттестациялоо;
- ченӨӨ каражаттарын юстировкалоо;
- улуттук эталондорду жана калибровкалоонун жана ченӨӨнүн
сертификаттарын эларалык таанууну камсыздоо үчүн угалондорду эларалык,
региондук жана улуттук дењгээлде салыштырууга катышуу;
- ченӨӨнүн аткаруу ыкмасын иштеп чыгууга жана аттестациялоого
катышуу;
- метрология жаатында илимий-изилдӨӨ иштерин ишке ашыруу.
8.3 Шайкештикти баалоо жаатында:
- продукцияларды жана кызмат кӨрсӨтүүлӨрдү сертификаттоо боюнча
органдын иш-милдеттерин ишке ашыруу;
- шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдӨ продукцияларды
(кызмат кӨрсӨтүүлӨрдү) сыноо;
- мамлекеттик кӨзӨмӨл боюнча атайын ыйгарым укуктуу органдардын,
мамлекеттик башкаруу органдарынын, керектӨӨчүлӨрдүн укугун коргоо
боюнча коомдук уюмдардын, ошондой эле келишимдик негизде жеке жана
юридикалык жактардын билдирүүлорү жана суроо-талаптарына карата
тестирлӨӨ жана башка технологиялык тейлӨӨлӨр боюнча кызмат
кӨрсӨтүүлӨр;
- улуттук стандарттарга шайкештик белгисин чагылдырууну бекитүү;
- белгиленген тартипте сертификаттоо боюнча региондук жана эларалык
системага кошулуу жӨнүндӨ Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнӨ сунуш берүү;
- СМУИ тарабынан берилген шайкештик сертификаттарынын реестрин
жүргүзүү, катуу отчеттуулуктагы (милдеттүү шайкештик сертификатынын
бланкалары, шайкештик сертификатынын кӨчүрмӨлӨрү, шайкештик
сертификатынын бланкаларынын кӨчүрмӨлӨрү, шайкештик сертификатына
тиркеменин кӨчүрмӨлӨрү) жана институт жана анын түзүмдүк
подразделениелери же ведомстволук ишканалары колдонуучу башка
формадагы бланкаларды эсепке алуу.
8.4 Маалыматтык камсыздоо жаатында:
- техникалык регламентердин жана стандарттардын Улуттук
маалыматтык фондун түзүү жана жүргүзүү, фонддун маалыматтык
продукцияларын жана улуттук стандарттарын басып чыгаруу,
пайдалануучуларды камсыздоо, Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтү тарабынан
белгиленген тартипке ылайык эларалык, региондук уюмдардын жана чет
ӨлкӨлӨрдүн улуттук органдарынын документтерин, стандарттарды,
жетектӨӨчү принциптерди, жолжоболук документтерди которуу;
- стандартташтыруу маселелери боюнча ДүйнӨлүк соода уюмунун
соодада техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашуунун жоболорун
аткарууну камсыздоо үчүн улуттук сурап билүү маалымат кызматынын иш-
милдетин аткаруу;
- эларалык тажрийбада пайдаламылуучу аныктамаларга ылайык
стандартташтыруу, метрология жана сапат менеджменти жаатында
консалтинг боюнча кызмат кӨрсӨтүү;
- СМУИнин компетснциясыиа кирген стандартташтыруу, метрология жана
сыноонун башка масслелери жаатында иштерди жүргүзүү боюнча кызмат
кӨрсӨтүү;
- бардык тараптар - мамлекеттик ӨкүлчүлүктӨр үчүн да, жеке сектор
үчүн стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо, сапат
менджменти жана ушул чӨйрӨгӨ тиешелүү башка маселелер боюнча
адистердин квалификациясын жогорулатуу жана башка окутуучу сабактарды
(семинарлар, окуулар, стажировкалар ж.б.) боюнча курстарды уюштуруу.
8.5 Эларалык кызматташтык жаатында:
- стандартташтыруу, метрология жаатында жана бул багыттар менен
байланышкан тармактарда, анын ичинде эки тараптуу жана кӨп тараптуу
макулдашуулардын жана келишимдердин негизинде эларалык, региондук
уюмдар жаиа чет олкӨлӨрдүн улуттук уюмдары менен кызматташтыкты ишке
ашыруу;
- Кыргыз Республикасын стандартташтыруу, метрология жана ушул
багыттар менен байланышкан тармактар боюнча СМУИнин ыйгарым
укуктарынын чегинде региондук жана эларалык уюмдарга таанытуу.
V. СМУИнин укугу жана жоопкерчилиги
9. СМУИ Өзүнүн компетенциясынын чегинде тӨмӨнкү укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарын жана стандартташ-
тыруу боюнча башка документтерин белгиленген тартипте бекитүүгӨ, алып
салууга жана чыгарууга;
- техникалык регламенттерди иштеп чыгуу планына сунуштарды
киргизүүгӨ;
- чыгарууга жана кайра басып чыгарууга, анын ичинде чет тилдердеги
улуттук стандарттардын жана стандартташтыруу, метрология,
сертификаттоо боюнча башка документтердин, башка ӨлкӨлӨрдүн улуттук
стандарттарынын кӨчүрмӨсүн алууга жана таркатууга, онюндой эле бул
иштерди жүргүзүүгӨ юридикалык жактарга укук берүүто;
- шайкештикти ырастоо, ченӨӨнүн бирдейлигин камсыз кылуу, сыноо
жүргүзүү, келишимдин негизинде жана кслишимдик күчү бар жана башка
документтердин негизинде -адистерди даярдоо жаатында чарбакер
субүекттерге акы тӨлӨмӨ кызматтарды кӨрсӨтүү;
- бӨлүнгӨн мамлекеттик бюджеттик каражаттарды чыгым түрлӨрү боюнча
алардын арналышына ылайык бӨлүштүрүү;
- республикада жана чет ӨлкӨлӨрдӨ ишкер байланыштарды ишке ашыруу,
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык чарбалык эсептин негизинде
ишканаларды жана кызмаггарды түзүү;
- эларалык, улуттук жана региондук уюмдар менен келишимдерди
түзүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте
жүргүзүлгӨн иштерге -(кьгзмат корсотүүлоргӨ) бааларды жана тарифтерди
иштеп чыгуу жана колдонуу.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, эларалык стандарттарга,
ченемдерге жана эрежелерге каршы келбеген, негизги иш-милдеттерди
аткаруута ӨбӨлгӨ болгон башка жумуштарды жана кызмат кӨрсӨтүүлӨрдү
жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана (же)
стандарттарына ылайык сертификаттоону ишке ашыруу максатында
продукциялардын үлгүлӨрүн жана сынамыгын алуу;
- келишимдик негизде стандартташтыруу, сертификаттоо жана
метрология жаатында треиинггерди, семинарларды, стажировкаларды жана
адистерди окутуунун башка түрлӨрүн жүргүзүү;
- СМУИнин структурасына кирген структуралык подразделениелерди жана
ведомстволук ишканаларды Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз
Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте түзүү, кайра түзүү
жана жоюу, ошондой эле алардын иш-аракеттерине жетекчиликти жана
контролдукту ишке ашыруу.
10. СМУИ Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Өзүнүн ишмердигине
жоопкерчилик тартат.
VI. СМУИнин ишмердигин уюштуруу
11. СМУИни Кыргыз Республикасынын Президенти дайындаган директор
жетектейт.
12. Директордун эки орунбасары болот, аларды директордун сунуштоосу
менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындайт.
13. Директор СМУИнин ишмердигине жетекчиликти ишке ашырат, СМУИге
жүктӨлгӨн милдеттерди аткарууну уюштурат жана анын аткарылышына жеке
жоопкерчилик тартат.
СМУИнин директору:
- Өзүнүн орунбасарларынын кызматтык милдеттерин бӨлүштүрӨт;
- СМУИнин структурасын жана штаттык расписаниесин бекитет;
- СМУИнин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот,
ошондой эле аларга сыйлоо чараларын колдонот, белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына кӨрсӨтӨт же аларга
тартиптик жазаларды колдонот;
- СМУИнин структуралык подразделениелери жана ведомстволук
подразделениелери жӨнүндӨ жоболорду бекитет;
Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте СМУИнин
кызматкерлеринин эмгек акысы жана сыйлоо гууралуу жобону бекитет;
- СМУИнин кызматкерлери милдеттүү түрдо аткара турган буйруктарды,
тескемелерди чыгарат, кӨрсӨтмолордү берет;
институтка жуткөлгөн милдеттерди аткарууну камсыз кылуу үчүн
СМУИнин карамгындагы ведомстволук ишканаларды Кыргыз Республикасынын
мыйзамында белгиленген тартипте түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу
маселелерин чечет;
- белгиленген тартипте чет Өлколордүн, стандартташтыруу, метрология
боюнча улуттук органдары, ошондой эле Өзүнүн компетенциясынын чегинде
тиешелүү эларалык жана региондук уюмлар менен кызматташуу жӨнүндӨ
макулдашууларга, келишимдерге кол коет.
14. СМУИге жүктӨлгӨн милдеттерди аткарууга байлаиыштуу масслелерди
коллсгиялуу кароо жана анын компетенциясына киргсн илимий-техникалык
маселелерди чечүү үчүн, СМУИнин илимий-техникалык кењеши түзүлӨт.
Илимий-техникалык кењеш жӨнүндӨ жобо жана анын жекече курамы
директор тарабынан бекитилет.
СМУИде кещеш берүүчү жана консультациялык органдар да түзүлүшү
мүмкүн.
15. СМУИ стандартташтыруу жана ченӨӨнүн бирдейлигин камсыз кылуу
жаатында иш-чаралардын планын иштеп чыгууда баардык кызыкдар
тараптардын (жеке секторлордун, ошондой эле мамлекеттик
ӨкүлчүлүктӨрдүн) түздӨн-түз катышуусун камсыз кылат.
16. СМУИ ӨзүнӨ жүктӨлгӨн маселелерди жана иш-милдеттерди аткаруу
үчүн керектүү маалыматтарды жана документтерди мамлекеттик башкаруу
органдарынан суроого жана алууга акылуу.
17. СМУИ Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнӨ Өзүнүн ишмердиги жӨнүидӨ
жыл сайын отчет берет.
VII. СМУИнин мүлкү жана финансылык-чарбачылык ишмердиги
18. СМУЙнин карамагындагы мамлекеттик мүлктӨр оперативдик башкаруу
укугунда ага бекитилип берилет, ал эми чарбалык ишмердиктин эсебинен
алынган мүлктӨрү СМУИнин Өз алдынча тескӨӨсүнӨ түшӨт жана ӨзүнчӨ
баланста эсепке алынат.
19. СМУИнин каржылоо булактары:
- республикалык бюджеттин каражаттары;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген сертификаттоо,
метрология, стандартташтыруу жана башка Өндүрүштүк-чарбалык ишмердик
боюнча чарбакср субъекттсрге акы тӨлвме кызматтар кӨрсӨтүлгӨндүгү үчүн
түшкон Өздүк каражаттар;
- гранттар, кредиттер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
каршы келбеген башка булактар.
20. СМУИ чарбакер субъекттерге кызмат кӨрсӨтүүлӨрдӨн жана башка
Өндүрүштүк ишмсрдиктен алыиган кирешелерди, ошондой эле бул
кирешелердин эсебинен алынган мүлктӨрдү оз алдынча пайдаланууга
акылуу.
21. СМУИни кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамында каралган учурда жана тартипте ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы №545 "Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун Ысыккөл районунун Чолпоната шаарынын аймагыи ксцейтүү үчүн жер бсрүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 30.11.2005 · № 545
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы № 546 "Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук инетитуту жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 30.11.2005 · № 546 · Күчүн жоготкон