Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкулоо тууралуу» 2005-жылдын 14-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар жӨнүндӨ» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-11-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 30-ноябрындагы № 542
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын
Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана толуктоолорду киргизүү
жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы
элдик талкулоо тууралуу» 2005-жылдын 14-ноябрындагы Жарлыгын
ишке ашыруу боюнча чаралар жӨнүндӨ
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын
Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкулоо
туралуу» 2005-жылдын 14-ноябрындагы № 544 Жарлыгын аткаруу үчүн,
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана
толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору боюнча жалпы элдик талкулоону уюштуруу жана жарандардын ой-
пикирлерин кыйла толук эсепке алуу максатында Кыргыз Республикасынын
ӨкмӨтү токтом кылат:
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана
толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун жалпы элдик талкулоону уюштуруу боюнча тиркелген Иш-
чаралардын планы бекитилсин.
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык
ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана
жергиликтүү Өз алдынча башкаруу органдары «Кыргыз Республикасынын
Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жалпы элдик талкулоону
уюштуруу боюнча Иш-чаралардын планынын тийиштүү пунктарын Өз учурунда
жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылышсын.
3. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана
толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун жалпы элдик талкулоого жарандык активдүүлүктү кӨрсӨтүү
ӨкмӨттүк эмес уюмдарга, коомдук бирикмелерге жана жергиликтү
жамааттарга сунушталсын.
4. «Кыргыз Республикасынын Конституциясына ӨзгӨртүүлӨрдү жана
толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоорун талкуулоонун жүрүшүн мыкты чагылдыруута жалпыга маалымдоо
каражаттарынын арасында конкурс жарыялансын.
5. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат жетекчиси-
министр Т.К. Коеналиев «Кыргыз Республикасынын Конституциясына
ӨзгӨртүүлӨрдү жана толуктоолорду киргизүү жӨнүндӨ» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоонун жүрүшүн мыкты
чагылдырууга жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасындагы конкурстун
жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссия түзсүн.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
7. Бул токтомду аткарууну контролдоо Кыргыз Республикасынын Вице-
премьер-министри А.К.Мадумаровго жүктӨлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 544 "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Указ · 14.11.2005 · № 544
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Шарского айылного кенеша от 26 июля 2012 года №10 "О социальных объектах на территории Шаркского айыл окмоту"Постановление · 26.07.2012 · № 10