# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин масслелери" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин масслелери" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 541
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56675>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11015/edition/325570/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56675.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-ноябрындагы № 541 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин масслелери" токтому (29.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56675

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 29-ноябры № 541

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин масслелери

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамынын негизинде, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө

кырдаалдардан калкты коргоо, алардын алдын алуу жана жоюу, жарандык

коргонуу, өндүрүштүн технологиялык, техникалык коопсуздугун жана

тоо-кен көзөмөлү, гидрометеорология жана жаратылыш чөйрөсүн булгоонун

дењгээлине байкоо жүргүзүү, өрт көзөмөлү жана өрт өчүрүү жагындагы мил-

деттерди натыйжалуу чечүү жана мамлекеттик башкарууну андан ары рефор-

малоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө жо-

бо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмү

бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин колле-

гиясынын сандык курамы министрди, статс-катчыны жана министрдин эки

орун басарын кошкондо 11 адамдан турары аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбор-

дук аппаратынын кызматкерлеринин санынын чеги (администрациялык имарат-

ты тейлөө жана кайтаруу боюнча персоналдарсыз) 118 бирдик деп белгилен-

син.

4. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кыргыз Рес-

публикасынын жарандык коргонуусунун начальнигинин биринчи орун басары

болуп эсептелери белгиленсин.

5. Күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 25-июлундагы № 452

"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча

министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-ма-

йындагы № 247 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-февралындагы №

59 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги

жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 12-апрелиндеги №

167 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Ош шаарынын статусу жөнүндө"

2000-жылдын 4-октябрындагы Жарлыгын ишке ашырууга байланыштуу айрым ма-

селелер жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 22-майындагы № 240

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-февралындагы № 59

"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги

жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-июлундагы № 330

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-февралындагы № 59

"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги

жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 1-сентябрындагы №

507 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-февралындагы № 59

"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги

жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-мартындагы №

131 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-

ги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-февралында-

гы № 59 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-августундагы №

523 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 11-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-декабрындагы №

848 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-

гине караштуу Авиация департаменти жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-январындагы № 34

"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине

караштуу Экология жана жаратылышты пайдалануу департаменти жөнүндө"

токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 370

"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин

Жарандык коргонуу штабын өзгөртүп атоо жөнүндө" токтому.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 22-ноябрындагы № 541

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар

министрлигин башкаруунун структурасы

| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| кырдаалдар министрлиги |  |  |  |
| Мамлекеттик метеорологиялык | \-- | \- | Өрткө каршы мамлекеттик |
| кызмат (Кыргызгидромет) |  |  | башкармалыгы (ӨККББ) |
| Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу |  |  | Өнөр жай коопсуздугу жана тоо- |
| жана кесепеттерин жоюу боюнча | \-- | \- | кен көзөмөлдү боюнча мамлекеттик |
| департамент (ӨКАКЖБД) |  |  | инспекция (Мамтоокенкөзөмөл) |
| \--------------------------------- |  | Түштүк региондук Өзгөчө |  |
| Авиация департаменти | \-- | \- | кырдаалдардын алдын алуу жана |
| \--------------------------------- |  | кесепеттерди жоюу боюнча |  |
|  | департамент (ТӨКАКЖБД) |  |  |
| Материалдык-техникалык |  |  | Өзгөчө кырдаалдардын |
| камсыздоо жана курулуш | \--- | \- | мониторинги, болжолдоо жана |
| башкармалыгы |  |  | калдык сактоочу жайлар менен |
| \-------------------------------- |  | иштөө департаменти (ӨКМБжКСЖИД) |  |
| Сел жана суу ташкындарынан | \--- | \- | Региондук башкармалыктар |
| коргоо башкармалыгы |  | \---------------------------------- |  |
| Аймактык бөлүмдөр | \--- | \- | Жарандык коргонуунун аскерлери |
| Жарандык коргонуунун | \----- | Сактоочу кызматтар |  |
| борбордук курстары | \---------------------------------- |  |  |
