# Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 " Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 " Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 538
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56670>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11012/edition/858202/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56670.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 " Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу" токтому (03.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56670

---

ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2005-жылдын 25-ноябры № 538 Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-майындагы № 234,2010-жылдын 27-августундагы № 179 , 2012-жылдын 30-октябрындагы № 753, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коллективдүү коопсуздук кеңешинин 2005-жылдын 23-июнундагы чечими менен бекитилген Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясы жөнүндө жобого ылайык жана Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу аскердик-экономикалык кызматташууну активдештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү түзүлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. Бул токтомдун ишке ашырылышын контролдоо Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-ноябрындагы № 538 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча биргелешкен

комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн

КУРАМЫ

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 296 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
