Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын 2005-жылы табигый кырсыктардан жабыр тарткан айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик көлдөө көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-11-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 28-ноябрындагы № 537
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын 2005-жылы табигый кырсыктардан
жабыр тарткан айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик
көлдөө көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Республиканын 2005-жылы табигый кырсыктардан жабыр тарткан айылдык
товар
өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик көлдөө көрсөтүү жана 2006-жылдын түшүмү
үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн күздүк жана жазгы себүүсүн ийгиликтүү
жүргүзүүгө ыњгайлуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы
министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд
менен бирдикте табигый кырсыктардан жабыркашкан конкретүү айылдык
товар өндүрүүчүлөрдү, алардын бюджеттик кредиттер жана ссудалар, 2005-
жылдын түшүмү үчүн мамлекеттен кыргызга алынган аштык буудай, арпа,
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү боюнча карыздарынын суммасын
аныкташсын.
2. Айылдык кењештерге Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 181-
статьясынын 2-пунктуна ылайык айдоолору 2005-жылы табигый кырсыктардан
жабыркаган айылдык товар өндүрүүчүлөргө жер салыгын төлөөдө жењилдик
берүү маселесин кароо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика эана финансы министрлиги
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай
министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик
сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агентство
менен бирдикте кењештердин кабыл алынган чечимдеринин негизинде 2005-
жылы табигый кырсыктардан жабыркашкан айылдык товар өндүрүүчүлөргө
мамлекеттен карызга алынган бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча
2005-жылдын түшүмү үчүн бөлүп берилген аштык буудай, арпа жана айыл
чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү үчүн 2005-жылдын 31-декабрына карата
мөөнөтү кечиккен карыздарды төлөө мөөнөтүн 2006-жылдын 1-декабрына
чейин, узартылган мөөнөткө проценттерди жана айыптарды эсептебестен
узартсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна белгиленген тартипте
2005-жылы табигый кырсыктардан жабыркашкан айылдык товар
өндүрүүчүлөрдүн камсыздандыруу взносторун төлөө мөөнөттөрүн кийинкиге
жылдыруу (бөлүп төлөөгө уруксат берүү) сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине
караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд:
- ар бир субъекттин бюджеттик ссудалар жана кредиттер, 2005-жылдын
түшүмү үчүн товардык кредит түрүндө мамлекеттен карызга алынган аштык
буудай, арпа жана дан өсүмдүктөрдүн үрөндөрү боюнча береселеринин
суммасын аныктасын жана ар бир субъект менен мурдагы кредиттик
келишимдерге кошумча макулдашууларды түзүү жолу менен мөөнөтү кечиккен
карызды төлөө мөөнөтүн узартууну тариздесин;
- Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар
жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агентство менен бирдикте
айылдык товар өндүрүүчүлөр менен алар 2005-жылдын түшүмү үчүн алышкан
эгинди мамлекеттик резервге кайра төгүү боюнча кошумча макулдашууларды
түзсүн.
6. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасыныи
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф. Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон