Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-11-17.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 17-ноябры, № 531
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбооруна тиркелген корутундунун негизинде
макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премер-министр Ф.Кулов
"Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты К.К.Иманалиев тарабынан демилге көтөрүлгөн "Тамак-
аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктун жетекчиликке алуу менен аны
кабыл алуу төмөнкүдөй негиздер боюнча максатка ылайыксыз деп эсептейт.
2004-жылдын 1-декабрынан тартып "Кыргыз Республикасында техникалык
жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
күчүнө кирген. Бул Мыйзам төмөнкүдөй тармактардагы укуктук негиздерди
белгилейт:
- продукцияга өндүрүш процесстерине (методдоруна) карата милдеттүү
талаптарды иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу, сактоо,
ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү;
- продукцияга өндүрүш процесстерине (методдоруна) карата талаптарды
ыктыярдуу негизде иштеп чыгуу, кабыл алуу, колдонуу жана аткаруу,
сактоо, ташуу, сатуу, эксплуатациялоо жана утилдештирүү, жумуштарды
аткаруу же кызматтарды көрсөтүү;
- шайкештигине баа берүү;
- катышуучулардын Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелерге
жоопкерчилиги.
Бул Мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу мурда мамлекеттик
стандарттар, санитардык эрежелер жана нормалар, башка ведомстволук
документтер менен белгиленген продукцияга карата милдеттүү талаптар
документтердин жањы түрүнө - техникалык регламенттерге өткөрүлөт.
Техникалык регламент - эл аралык келишим менен кабыл алынган, мыйзамда
белгиленген тартипте күчүнө кирген, техникалык жөнгө салуу объектине
карата талаптарды колдонуу жана сактоо үчүн милдеттүүлүктү белгилеген
Кыргыз Республикасынын мыйзамы же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтому. Мында "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун
негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 - статьясына
ылайык техникалык регламенттер адамдардын өмүрүн жана ден соолугун
коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсүн
коргоо, продукцияны керектөөчүлөрдү чаташтырууга алып келүүчү иштердин
алдын алуу боюнча коопсуздукту камсыздоо максатында гана кабыл алынат.
Демек "Тамак - аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 4 жана 6 - статьялары тамак
- аш азыктарынын, материалдар менен буюмдардын коопсуздугун жана
сапатын камсыздоо жагынан мамлекеттик жөнгө салуу бөлүгүндө "Кыргыз
Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын базалык Мыйзамына карама-каршы келет.
Мындан тышкары базалык Мыйзамдын 3 - статьясына ылайык
министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор,
башка аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү бийлик органдары
техникалык жөнгө салуу жаатында сунуштоо мүнөзүндөгү гана актыларды
чыгарууга укуктуу, башкача айтканда техникалык жөнгө салуу жагынан
мурда кабыл алынган ведомстволук документтер сунуштоо мүнөзүндөгү гана
документтер болуп калат. "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө
салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын III
бөлүмүнө ылайык Кыргыз Республикасында стандартташтыруу стандарттарды
ыктыярдуу колдонуу принциптерине ылайык ишке ашырылат.
Шайкештигине баа берүү жана тастыктоо маселелери "Кыргыз
Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын IV жана VI бөлүмдөрүндө аныкталган, ал эми
44 - статьяда өткөөл мезгил Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз
Республикасынын колдонуудагы нормативдик укуктук актыларында
белгиленген тиешелүү техникалык регламенттер, продукцияга, өндүрүш
процесстерине (ыкмаларына) карата талаптар, сактоо, ташуу, сатуу,
эксплуатациялоо жана утилдештирүү колдонууга киргизилгенге чейин
белгиленген, техникалык регламенттерди кабыл алуу үчүн ушул Мыйзамда
аныкталган тиешелүү максаттар бөлүгүндө гана милдеттүү аткарууга
жатат.
"Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым
укуктуу органын аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005
- жылдын 29-июнундагы № 267 токтому менен техникалык жөнгө салуу
боюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталган, ал тарабынан "Тамак-аш
азыктарынын коопсуздугуна жана аларды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу
жана утилдештирүү процесстерине карата талаптар" жалпы техникалык
регламентинин долбоорун иштеп чыгууну караган 2006-2007-жылдарга
биринчи кезектеги техникалык регламенттерди иштеп чыгуу программасы
даярдалган. Бул техникалык регламентти иштеп чыгуу 2006-жылга
каралган. Бул документти иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын
Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу
чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана башка тиешелүү
министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык
ведомстволордун адистери катышат. Техникалык регламент төмөнкүлөрдү
камтыйт:
- продукцияга, өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү
процесстерине (методдоруна) карата милдеттүү талаптарды;
- шайкештигин баалоо эрежесин жана формасын;
- идентификациялоо эрежесин;
- терминологияга, тањгактоого, маркировкалоого же этикеткага жана
аларды чаптоо эрежелерине карата талаптарды.
Техникалык регламентте анын талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөл
жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы аныкталат,
ошондой эле сатууга чыгарылган продукциянын техникалык регламенттердин
талаптарына дал келбей калышы табылган (аныкталган) учурларда
колдонулуучу жоопкерчилик жана жол-жоболор каралат.
"Тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна жана аларды өндүрүү, сактоо,
ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстерине карата талаптар"
техникалык регламентин иштеп чыгууда 178/2002/ЕЕС жана 882/2005/ЕЕС
Европалык директиваларынын талаптары, ЕврАзЭСтин регламенттери же Көз
карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекеттер аралык кењешинин
техникапык регламенттеринин моделдери, улуттук экономиканын
керектөөлөрүн жана дењгээлин көњүлгө алуу менен эл аралык жана улуттук
стандарттар эске алынат.
Техникалык регламеиттерди колдонуу, мазмуну жана аларды иштеп чыгуу
тартиби "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 8 жана 9-статьяларында
аныкталган. 9-статьяга ылайык иштеп чыгуучу тарабынан билдирүүлөрдү
жарыялоо жол-жоболорун аткаргандан кийин жана тиешелүү тараптар менен
талкуулагандан соњ техникалык регламенттин долбоору техникалык жөнгө
салуу боюнча эксперттик комиссияларда экспертиза жүргүзүү үчүн
техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
Экспертизадан өткөн жалпы техникалык регламенттин долбоору 10-статьяга
ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинде каралат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
"Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп
эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 267 "Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органын аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2005 · № 267
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67