# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-ноябрындагы №522 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-ноябрындагы №522 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 522
- Кабыл алынган күнү: 09.11.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 09.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56652>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10997/edition/1154534/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56652.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 9-ноябрындагы №522 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (09.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56652

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 9-ноябры № 522

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана

ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгек-

чилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана то-

луктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбо-

оруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

2005-жылдын 9-ноябры N 20-3/114

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана

ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституция-

сынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаттары Б.Мурзубраимов жана А.Марипов тарабынан демилге

көтөрүлгөн "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эм-

гекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын дол-

боорун карап чыгып, төмөнкүдөй себептер боюнча аны кабыл алуу ылайыксыз

деп эсептейт.

Бул мыйзам долбоордо оорукта иштеген (01.01.1926-ж. 01.01.1932-ж.

чейин туулган) адамдарга, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуш жылдарын-

да улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарында кызмат өтөгөн аскер

кызматчыларга жана алар менен чогуу жашаган эмгекке жараксыз үй-бүлө

мүчөлөрүнө коммуналдык кызматтарга акы төлөөдө жана санаторийлик-ку-

рорттук дарылоону камсыздоодо 50 процент өлчөмдө жењилдик берүү сунуш-

талган.

Сунушталган мыйзамдын долбоорун ишке ашырганда болуучу чыгымдардын

2006-2012-жылдарга карата божомолу 117,7 млн. сомдон 849,2 млн. сомго

чейин болот, же жылдар боюнча алганда төмөнкүдөй:

- 2006-жылы 117,7 млн. сом;

- 2007-жылы 185,1 млн. сом;

- 2008-жылы 267,4 млн. сом;

- 2009-жылы 388,0 млн. сом;

- 2010-жылы 529,2 млн. сом;

- 2011-жылы 687,6 млн. сом;

- 2012-жылы 849,2 млн. сом.

Республиканын 2006-жылга карата бюджетинин божомолунда ооруктун

эмгекчилерине коммуналдык кызматтарды пайдаланганы үчүн акы төлөөдө

этаптуу жењилдик берүүгө чыгымдар каралган эмес.

Республиканын 2006-жылга карата бюджетинин божомолу 3820,6 млн.

сом өлчөмдөгү дефицит менен түзүлгөн.

Мамлекеттик бюджеттин дефицити чоњ болгонуна карабастан, пенсиянын

базалык бөлүгүн 2006-жылдын 1-январынан баштап 13,2 процентке

көбөйтүүгө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун дефи-

цитин жабуу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынан Социалдык фонд-

го 143,0 млн. сом суммада субвенция берүү каралган (керектөө 212,2 млн.

сом).

Мындан тышкары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен,

Керектөөнүн гарантияланган минимум дењгээлинин өлчөмүн көбөйтүү жолу

менен аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга мамлекеттик пособиенин өл-

чөмү орточо 25 процентке көбөйтүлүп жатат. Мамлекеттик пособиенин өлчө-

мүн көбөйтүүгө кошумча 278,5 млн. сом акча керек.

Ошондой эле 2006-жылы социалдык чөйрөдөгү эмгек акысы Бирдиктүү

тарифтик торчого ылайык эсептелчү кызматкерлердин эмгек акыларын

көбөйтүү болжолдонуп жатат. Бул максаттарга мамлекеттик бюджеттен ко-

шумча 600 млн. сом керек болот.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана республиканын финансы-

лык-экономикалык абалын эске алганда, сунушталган Мыйзамдын долбоорун

кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейбиз.

Премьер-министр Ф.Кулов
