# КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-ноябрындагы №521 " 2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-ноябрындагы №521 " 2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 521
- Кабыл алынган күнү: 08.11.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.11.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10991/edition/325541/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.11.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-ноябрындагы №521 " 2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктары жөнүндө" токтому (08.11.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56646

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 8-ноябры № 521

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын

жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун

жыйынтыктары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагы

2004-жылдын 1-январына карата 19995,1 мињ гектарды түзөөрүн белгилейт.

Отчеттук мезгилде республиканын жер фондун пайдаланууда категория-

лар боюнча да, жердин түрлөрү, ошондой эле менчиктин формалары боюнча

да өзгөрүүлөр болду.

Жер үлүшүн алууга укуктуу, бирок Кыргыз Республикасынын Жер кодек-

си колдонууга киргизилген учурда ар кандай себептер менен аны албай

калган Кыргыз Республикасынын жарандарынын проблемаларын чечүү макса-

тында, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны 2004-жылдын 2-апрелинде З N

1528-П "Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрүн берүү жөнүндө"

токтомун кабыл алган. Натыйжада 14376 жаранга 4879,83 га жер үлүшкө бе-

рилген, анын ичинде сугат айдоо - 3957,43 га, кайрак айдоо - 862,7 га,

чабындылар - 59,3 га.

Өзгөчө баалуу айыл чарбалык жерлердин эсепке алынышын алардын иш

жүзүндөгү пайдаланылышына ылайык келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Жалала-

бат облусундагы Сузак жана Чаткал райондорунун айыл чарба жеринин

трансформациялоо жөнүндө" токтому менен 2895,02 га жер трансформация-

ланган, анын ичинде:

- анча баалуу эмес айыл чарба жерлерине - 1331,4 га;

- мелиорациялык даярдоо стадиясында турган жерлерге- 370,22 га;

- "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына - 1163,9 га;

- "Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жа-

на башка арналыштагы жерлер" категориясына - 29,5 га.

Талас облустук мамлекеттик администрациясынын сунушунун негизинде

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 14-июнундагы № 436 "Ош об-

лусунун Өзгөн районунда "Кара-Шоро" жана Талас облусунун Талас районун-

да "Беш-Таш" мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарын түзүү жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-августундагы № 353 ток-

томуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому менен 18760 га жер

"Беш-Таш" мамлекеттик улуттук жаратылыш паркынын аймагынан чыгарылып,

"Запастагы жерлер" категориясына которулган.

Республиканын жарандарынын турак жай проблемаларын чечүү үчүн

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен 1042,4 га

жер, анын ичинде 766 га сугат айдоо, 148 га кайрак айдоо, көп жылдык

өсүмдүктөр турган 128 га жер жеке менчик турак жай куруу үчүн бөлүп бе-

рилген.

2005-жылдын 1-январына карата республиканын жер фондундагы жерлер-

ден 1221,9 мињ га жеке менчикте, 57,4 мињ га - муниципалдык менчикте,

18715,6 мињ га- мамлекеттик менчикте турат.

2004-жылы Кыргыз Республикасында ар түрдүү себептер менен (шор ба-

суу, сазга айлануу, суунун жетишсиздиги, үрөн, күйүүчү-майлоочу матери-

алдарды алууга каражаттын жоктугу, алыстыгы, экономикалык жактан керек-

сиздиги) 173,7 мињ га айдоо, же республикада болгон бардык айдоонун 14

проценти пайдаланылбай калган.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 106-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында 2005-жылдын 1-январына карата жерлерди

категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча мамлекеттик эсепке алуунун

жыйынтыктары;

- 2005-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Жер фондун

айыл чарба жерлеринин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдын-

ча башкаруу органдары короо жанындагы айдоолордун эсебин 2002-жылы

жүргүзүлгөн каттоонун жүрүшүндө алынган иш жүзүндөгү абалга ылайык кел-

тирүү боюнча тийиштүү чечимдерди кабыл алышсын жана иштиктүү чараларды

көрүшсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство, облустардын жана райондордун

мамлекеттик администрациялары сугат айдоолор убактылуу канааттанарлык

эмес абалда турган шартта аларды анча баалуу эмес айыл чарба жерлерине

трансформациялоо практикасын токтотушсун.

4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз

мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство менен бирдикте

жерлердин күрдүүлүгүн арттыруу жана мелиорациялык абалын жакшыртуу бо-

юнча сунуштарды аныкталган тартипте киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укук-

тарды каттоо боюнча мамлекеттик агентство, облустардын жана райондордун

мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-

ры жердин бардык түрлөрүнүн натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышына

контролду күчөтүшсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөржай комплексин өнүктүрүү жана

жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
