# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-октябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-октябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 506
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56640>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-10986/edition/325533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56640.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-октябрындагы № 506 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө" токтому (28.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56640

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 28-октябрындагы № 506

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун

айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Ош

облусундагы Өзгөн районунун Башдөбө, Кароол, Саламалик, Жылалды,

Дөњбулак айыл өкмөттөрүндө 2003-жылы болуп өткөн табигый кырсыктардын

кесепетинен айыл чарба жерлери суу каптоого дуушар болуп, суу алдында

калгандыгын; Зергер жана Көлдүк айыл өкмөттөрүндө жер көчкү

жүргөндүгүн белгилейт.

Жаратылыш кесепеттеринин натыйжасында 176,43 га жер, анын ичинде

158,35 га - сугат айдоосу, 8,68 га - кайрак айдоосу, 1,1 га - көп

жылдык өсүмдүктөр баскан жерлер жана 8,3 га - чабындылар айыл

чарбалык керектөөдөн чыккан.

Өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин эсепке алууну иш-жүзүндөгү

пайдаланууга ылайык келтирүү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын

Ош облусундагы Өзгөн районунун тургундарынын социалдык проблемаларын

чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекетик

администрациясынын Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн

районунун 176,43 га айыл чарба жерлерин трансформациялоо жөнүндө Жер

бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия

менен макулдашылган сунушу кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекетик администрациясы

жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра

иштетүү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын

28-октябрыцндагы № 506

токтому тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ошоблусунун Өзгөн районундагы

трансформациялануучу айыл чарба жерлеринин аянттары

| № | Айыл | Трансфор- | анын ичинде: |  |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |
|  | өкмөттөрүнүн | мацияла- | \-------------------------------------------- |  |  |  |  |
|  | аталыштары | нуучу | Жарандар- | алардан | ФПС |  |  |
|  |  | бардык | дын жер | \--------------------------- | жер- |  |  |
|  |  | аянттар, | үлүштөрү, | сугат | кайрак | чабын- | лери, |
|  |  | га | га | айдоо | айдоо | дылар | га |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| 1 | Башдөбө | 117,0 | 93,0 | 93,0 |  |  | 24,0 |
| 2 | Дөњбулак | 11,7 |  |  |  |  | 10,7 |
| 3 | Жылалды | 6,08 | 4,58 | 4,58 |  |  | 1,5 |
| 4 | Зергер | 15,06 | 8,87 | 0,54 | 5,03 | 3,3 | 2,54 |
| 5 | Көлдук | 10,0 |  |  |  |  | 5,0 |
| 6 | Кароол | 14,41 | 6,4 | 6,4 |  |  | 8,01 |
| 7 | Саламалик | 2,19 | 1,83 | 1,83 |  |  | 0,35 |
|  | Бардыгы: | 176,43 | 114,68 | 106,35 | 5,03 | 3,3 | 52,0 |
| анын ичинде |  |  |  |  |  |  |  |
| алардан | Трансформа- | анын ичинде |  |  |  |  |  |
| \-------------------------------- | циялану учу | \---------------------- |  |  |  |  |  |
| сугат | кайрак | бак- | чабын- | баардык | мелиорациялык | башка |  |
| айдоо | айдоо | тра | дылар | аянттар,га | даярдоо | жерлер |  |
|  |  |  |  |  | стадиясындагы |  |  |
|  |  |  |  |  | жерлер |  |  |
|  |  |  |  |  |  |  |  |
| 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |  |
| 24,0 |  |  |  | 117,0 | 117,0 |  |  |
| 10,6 |  | 1,1 |  | 11,7 | 11,7 |  |  |
| 1,5 |  |  |  | 6,08 | 6,08 |  |  |
| 2,54 | 3,65 |  |  | 15,06 | 3,06 | 12,0 |  |
| 5,0 |  |  | 5,0 | 10,0 |  | 10,0 |  |
| 8,01 |  |  |  | 14,41 | 14,41 |  |  |
| 0,35 |  |  |  | 2,18 | 2,18 |  |  |
| 52,0 | 3,65 | 1,1 | 5,0 | 176,43 | 154,43 | 22,0 |  |

Премьер-министрдин

Аппарат Жетекчиси-министр Т.Коеналиев
