# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 488
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56633>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2244/edition/717999/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56633.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 токтому менен бекитилген) (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56633

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2005-жылдын

20-октябрындагы № 488

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган

адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин

Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө

ЖОБО

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү

мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды

конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин (мындан ары -

Департамент) Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси аскердик

намыстын, каармандыктын, дањктын символу болуп эсептелет жана

Департаменттин аскер кызматчыларына Мекенди коргоонун баатырдык каада-

салттары жана ыйык милдети жөнүндө эске салат.

2. Департаменттин Күжүрмөн туусу кызыл түстөгү жибек кездемеден

даярдалган эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме энин элестетет.

Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм. Кездеме энинин

үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачык менен айланта кыюуланган.

Мањдай бетинде, кездеме энинин ортосунда Департаменттин символикалык

белгиси жайгашкан. Арткы бетинде кездеме ортосунда Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик Герби жайгашкан, жогорку оњ бурчунда сары

(алтын) түстүү жазуу менен мамлекеттик тилде «Ата мекен үчүн» деген

жазуу жазылган. Символикалык белгинин энинин кездеменин узундугуна

болгон катышы экиден бирге барабар. Кездеменин алдыњкы бетиндеги

символикалык белгинин алдында сары (алтын) түстүү жазуу менен

мамлекеттик тилде «Юстиция министрлигинин Кайтаруу жана кузөтүү

департаменти» деп жазылган; оњ жактагы жогорку бурчуна сары (алтын)

түстүү жазуу менен мамлекеттик тилде "Ата-Мекен үчүн" деген жазуу бар.

Күжүрмөн туунун таягы жумуру жыгачтан жасалып, диаметри 40

миллиметр жана узундугу 2500 миллиметр, таяк кочкул-күрөњ түстө болуп,

лакталган. Туунун таягынын учуна алтын буусу жалатылган, узундугу -

340 миллиметр, төмөн жагынын жазылыгы 130 мм. келген беш бурчтуу

жылдыз жана жарым айдын сурөтү түшүрүлүп, жогор жакты карап турат.

Күжүрмөн туунун боосу учтарында сары (алтын) түстөгү эшилген эки

чачысы бар жалтылдак жибек жиптен даярдалат. Боонуп узундугу 2800

миллиметр. Туунун боосу Күжүрмөн туунун учунун төмөнкү негизине боонун

үчтөн эки катышы менен бекитилет.

3. Департаменттин Күжүрмөн туусу Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана

камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча

департаментинин Борбордук аппаратынын имаратында гербдүү мөөр басылган

айнек капкактын астында секичеде сакталат жана Департаменттин

ишкердүүлүтү менен байланышкан салтанаттуу иш - чараларга алынып

чыгат.

4. Департаменттин символикалык белгиси көгүш түстөгү айлананын

жогору жагында "Юстиция министрлиги", төмөн жагында "Кайтаруу жана

күзөтүү департаменти" деген жазуулар ак тамгалар менен жазылып, ак

түстөгү эки айлампа сызыктар жана ортолорунда кызыл түстөгү беш

бурчтуу жылдызчалар менен чектелген.

Айлананын ичинде боз-жашыл түстүү фондо жарым айлампа түрүндө

берилген Кыргыз Республикасынын Туусунун фрагментинин жогору жагында

сары түс менен "Кыргыз Республикасы" деген сөз жазылган.

Туунун фрагментинин алдыњкы тарабында, арт жагында кайчыланышкан

кылычтары менен, кочкул-кызыл сызык менен кыйууланган, бөрктөлгөн боз

тилкелүү, көгүлтүр түстөгү гералдикалык калкан жайгашкан.

Калкандын ортосунда Кыргыз Республикасынын Гербинин фрагментин

тиреген колонна көрсөтүлгөн. Колоннанын ортосуна тагылган кызыл түс

тактада алтын түстөгү тамгалар менен "Мыйзам" деген сөз жазылган.

Колоннанын постаменти кыргыз элинин улуттук оймо-чиймелери менен

кооздолгон. Колонна Мыйзамды символдоштуруп турат.

Постаменттин алдында, калкандын ылдыйкы жагын жаба, көк түстөгү

сызык менен чектелген кызыл тасма берилген. Бул кызыл тасмада сары

түстөгү түз тамгалар менен "Жазык аткаруу тутуму" деген сөз жазылган.

5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу

жана күзөтүү департаментинин геральдикалык символика белгиси

Департаменттин Күжүрмөн туусунда, Департаменттин имараттарын жана

аянттарын кооздоодо, мөөрлөрү менен штамптарында, документтик

бланкаларында жана официалдык басмаларында, сыйлыктарында жана

сувенирлеринде, Департаменттин аскердик техникаларында жана аскер

кызматкерлеринин формалуу кийимдеринде колдонулушу мүмкүн, андан

сырткары, кээ бир учурларда, Департаменттин начальнигинин чечими менен

колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана

күзөтүү департаментинин геральдикалык символика белгиси агыш-кара

түстө да сүрөттөлүшүнө да жол берилет.

6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу

жана күзөтүү департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси

башка мамлекеттик органдар тарабынан, юридикалык жана жеке жактар

тарабынан колдонулушу мүмкүн эмес.

Алардын кандайдыр бир бурмалануусуна, бузулуусуна жана башка ушул

сыяктуу иштерге жол берилбейт. Мындай иштерди жасаганы аныкталган

күнөөкөрлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик

тартышат.
