Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 30 мая 2016 года № 281 "Об утверждении Положения о Боевом знамени Департамента по охране исправительных учреждений и конвоированию осужденных и лиц, заключенных под стражу, Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-30.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2005-жылдын
20-октябрындагы № 488
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү
мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган
адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин
Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси жөнүндө
ЖОБО
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү
мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды
конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин (мындан ары -
Департамент) Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси аскердик
намыстын, каармандыктын, дањктын символу болуп эсептелет жана
Департаменттин аскер кызматчыларына Мекенди коргоонун баатырдык каада-
салттары жана ыйык милдети жөнүндө эске салат.
2. Департаменттин Күжүрмөн туусу кызыл түстөгү жибек кездемеден
даярдалган эки беттүү тик бурчтуу формадагы кездеме энин элестетет.
Кездеме энинин узундугу - 1500 мм, туурасы - 1100 мм. Кездеме энинин
үч тарабы четинен сары (алтын) түстөгү чачык менен айланта кыюуланган.
Мањдай бетинде, кездеме энинин ортосунда Департаменттин символикалык
белгиси жайгашкан. Арткы бетинде кездеме ортосунда Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик Герби жайгашкан, жогорку оњ бурчунда сары
(алтын) түстүү жазуу менен мамлекеттик тилде «Ата мекен үчүн» деген
жазуу жазылган. Символикалык белгинин энинин кездеменин узундугуна
болгон катышы экиден бирге барабар. Кездеменин алдыњкы бетиндеги
символикалык белгинин алдында сары (алтын) түстүү жазуу менен
мамлекеттик тилде «Юстиция министрлигинин Кайтаруу жана кузөтүү
департаменти» деп жазылган; оњ жактагы жогорку бурчуна сары (алтын)
түстүү жазуу менен мамлекеттик тилде "Ата-Мекен үчүн" деген жазуу бар.
Күжүрмөн туунун таягы жумуру жыгачтан жасалып, диаметри 40
миллиметр жана узундугу 2500 миллиметр, таяк кочкул-күрөњ түстө болуп,
лакталган. Туунун таягынын учуна алтын буусу жалатылган, узундугу -
340 миллиметр, төмөн жагынын жазылыгы 130 мм. келген беш бурчтуу
жылдыз жана жарым айдын сурөтү түшүрүлүп, жогор жакты карап турат.
Күжүрмөн туунун боосу учтарында сары (алтын) түстөгү эшилген эки
чачысы бар жалтылдак жибек жиптен даярдалат. Боонуп узундугу 2800
миллиметр. Туунун боосу Күжүрмөн туунун учунун төмөнкү негизине боонун
үчтөн эки катышы менен бекитилет.
3. Департаменттин Күжүрмөн туусу Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана
камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча
департаментинин Борбордук аппаратынын имаратында гербдүү мөөр басылган
айнек капкактын астында секичеде сакталат жана Департаменттин
ишкердүүлүтү менен байланышкан салтанаттуу иш - чараларга алынып
чыгат.
4. Департаменттин символикалык белгиси көгүш түстөгү айлананын
жогору жагында "Юстиция министрлиги", төмөн жагында "Кайтаруу жана
күзөтүү департаменти" деген жазуулар ак тамгалар менен жазылып, ак
түстөгү эки айлампа сызыктар жана ортолорунда кызыл түстөгү беш
бурчтуу жылдызчалар менен чектелген.
Айлананын ичинде боз-жашыл түстүү фондо жарым айлампа түрүндө
берилген Кыргыз Республикасынын Туусунун фрагментинин жогору жагында
сары түс менен "Кыргыз Республикасы" деген сөз жазылган.
Туунун фрагментинин алдыњкы тарабында, арт жагында кайчыланышкан
кылычтары менен, кочкул-кызыл сызык менен кыйууланган, бөрктөлгөн боз
тилкелүү, көгүлтүр түстөгү гералдикалык калкан жайгашкан.
Калкандын ортосунда Кыргыз Республикасынын Гербинин фрагментин
тиреген колонна көрсөтүлгөн. Колоннанын ортосуна тагылган кызыл түс
тактада алтын түстөгү тамгалар менен "Мыйзам" деген сөз жазылган.
Колоннанын постаменти кыргыз элинин улуттук оймо-чиймелери менен
кооздолгон. Колонна Мыйзамды символдоштуруп турат.
Постаменттин алдында, калкандын ылдыйкы жагын жаба, көк түстөгү
сызык менен чектелген кызыл тасма берилген. Бул кызыл тасмада сары
түстөгү түз тамгалар менен "Жазык аткаруу тутуму" деген сөз жазылган.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу
жана күзөтүү департаментинин геральдикалык символика белгиси
Департаменттин Күжүрмөн туусунда, Департаменттин имараттарын жана
аянттарын кооздоодо, мөөрлөрү менен штамптарында, документтик
бланкаларында жана официалдык басмаларында, сыйлыктарында жана
сувенирлеринде, Департаменттин аскердик техникаларында жана аскер
кызматкерлеринин формалуу кийимдеринде колдонулушу мүмкүн, андан
сырткары, кээ бир учурларда, Департаменттин начальнигинин чечими менен
колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана
күзөтүү департаментинин геральдикалык символика белгиси агыш-кара
түстө да сүрөттөлүшүнө да жол берилет.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу
жана күзөтүү департаментинин Күжүрмөн туусу жана символикалык белгиси
башка мамлекеттик органдар тарабынан, юридикалык жана жеке жактар
тарабынан колдонулушу мүмкүн эмес.
Алардын кандайдыр бир бурмалануусуна, бузулуусуна жана башка ушул
сыяктуу иштерге жол берилбейт. Мындай иштерди жасаганы аныкталган
күнөөкөрлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик
тартышат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнөн 2016-жылдын 30-майындагы № 281 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана…Постановление · 30.05.2016 · № 281
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 20-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка…Постановление · 20.10.2005 · № 488 · Күчүн жоготкон