# Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын Желеги жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-октябрындагы № 502 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын Желеги жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-октябрындагы № 502 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 502
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2005
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2005
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56632>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2243/edition/325523/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56632.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2005 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын Желеги жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 25-октябрындагы № 502 токтому менен бекитилген) (25.10.2005 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56632

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 25-октябрындагы № 502

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Юстиция

министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармасынын Желеги жөнүндө

ЖОБО

1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармасынын Желеги (мындан ары - Желек) аскердик сыймыктын,

каармандыктын, Дањктын символу болуп эсептелип, Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын ар бир

кызматкерине баатырдык салттарды, Мекенди коргоо жана мыйзам тартибин

сактоо ыйык милдет экендигин эске салып турат.

2. Желек тик бурчтук формасындагы эки бети бирдей, кызыл түстөгү

жибек кездемеден жасалат. Кездеменин узундугу - 1500 мм, туурасы -

1100мм. Кездеме үч жагынан кыры боюнча сары түстөгү (алтын сымал)

бахрома менен кыйылган. Кездеменин бет жагындагы ортосуна, баяндамасы

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-июлундагы №516 токтому

менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-

аткаруу тутумунун символикасынын белгиси (мындан ары - символика

белгиси). Символика белгисинин туурасы кездеменин туурасынын жарымына

туура келет. Кездеменин бет жагындагы символиканын белгисинин үстү

жагына мамлекеттик тилде «Кыргыз Республикасынын Адилет

министрлигинин» деген сары түстөгү (алтын сымал) сөздөрү жазылат. Ал

эми символика белгисинин асты жагында мамлекеттик тилде «Жазаларды

аткаруу башкы башкармасы» деген сөздөрү жазылат.

Кездеменин сырткы бети жагындагы ортосуна түстүү сүрөттөлгөн Кыргыз

Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган.

Желектин таякчасы жыгачтан жасалган, жумуру, диаметри - 40 мм,

узундугу - 2500мм, кочкул-күрөњ түстө, лакталган. Таякчанын жогорку

учунда фигуралуу кийгизгич (сайгыч) бар. Ал беш бурчтуу жылдыз менен

жарым айдын сүрөтөрүндөй түшүрүлгөн учту, узундугу 340 мм, түпкү

негизинин туурасы 130мм.

Желектин боосу чыйратылган, сары түстө (алтын сымал), учтары

чачылуу. Боонун узундугу - 2800 мм. Боо Желектин башына кийгизгичтин

төмөн жагына боонун учтарынын узундугунун үчтөн экисине туура келгидей

кылып бекитилген. Желектин эскизи ушул жобонун тиркемесинде

көрсөтүлөт.

3. Желек Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды

аткаруу башкы башкармасынын Борбордук Аппаратынын имаратындагы айнек

басылып бекитилген пьедесталында сакталат жана Кыргыз Республикасынын

Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармасынын ишине

байланышкан салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлгөн кезде көтөрүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу

башкы башкармасынын Желегин башка мамлекеттик органдар менен, жеке

адамдар же кызмат адамдары менен пайдаланганга болбойт.

Аны кор кылуу же желектин маанисин бузуп-бурмалаган жазууларды,

белгилерди, сүрөттөрдү түшүрүүгө жол берилбейт. Жогоруда көрсөтүлгөн

иш-аракеттерди жасаганга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
