# Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Күжүрмөн Туусу жана символдук белгиси жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-октябрындагы N 479 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Күжүрмөн Туусу жана символдук белгиси жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-октябрындагы N 479 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 479
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2005
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.03.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/56631>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2242/edition/360135/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/56631.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.03.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Күжүрмөн Туусу жана символдук белгиси жөнүндө ЖОБО ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 17-октябрындагы N 479 токтому менен бекитилген) (12.03.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/56631

---

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы N 144 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 17-октябрындагы N 479

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт

кызматынын Күжүрмөн Туусу жана символдук

белгиси жөнүндө

ЖОБО

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Күжүрмөн

Туусу аскердик намыстын, каармандыктын, дањктын символу болуп эеептелет

жана ар бир аскер кызматчысына алардын мекенге берилип кызмат кылуу,

аны кайраттуу коргоо, "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көрсөтүлгөн адамдардын кооп-

суздугун камсыздоо максатында укуктук, уюштуруучулук, коргоочулук, ре-

жимдик, оперативдүү-иликтөө, техникалык жана башка иштердин тобун бил-

гичтик менен аткаруу боюнча ыйык милдети жөнүндө эске салат.

2. Мамлекеттик күзөт кызматынын Күжүрмөн Туусу салтанаттуу кырда-

алда тапшырылат.

3. Күжүрмөн Туу кызыл түстөгү баркыттан даярдалган тик бурчтуу

формадагы кездеме болот. Кездеме энинин узундугу - 1450 миллиметр, туу-

расы - 1100 миллиметр.

Күжүрмөн Туунун бир бетинде, ортосунда Кыргыз Республикасынын Мам-

лекеттик күзөт кызматынын боз түстүү калкан, өйдөтөн борборун карай -

кылычтын сабы түрүндөгү эмблемасы тартылган. Калкандын бетинде бүркүт,

бүркүттүн үстүндө - алтын жалбырактуу веноктун ортосунда чыгып келаткан

күн тартылган. Веноктун алдында каралжын тилкеде "Мамлекеттик күзөт

кызматы" деген сөздөр алтын түстүү тамга менен мамлекеттик тилде жазыл-

ган. Калкандын бетинде бүркүттүн сүрөтүнүн, алтын жалбырактуу веноктун

жана жазуунун астындагы бүткүл фон - кара-кочкул кызыл. Туунун алдыњкы

бетинде эмблеманын өйдө жана ылдый жактарында жарым тегерек болуп: мам-

лекетгик тилде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" "МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫ" деген

алтын түстүү жазуулар жазылган, арткы бетинин борборуна Кыргыз Респуб-

ликасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү тартылган. Мамлекеттик гербдин

сүрөтүнүн өйдө жана ылдый жактарында алтын түстүү жазуулар менен жарым

тегерек болуп "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ" "МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫ" деп жа-

зылган.

Кездеменин үч тарабынын чети сары түстөгү чачык менен курчай жээк-

телген.

Күжүрмөн Туунун каскагынын узундугу - 2700 мм, 40 мм диаметрдеги

жумуру жыгачтан жасалат. Каскак кара күрөњ түскө боелуп, лакталат жана

өйдөкү учунда - никелденген оюулуу уч тагылган, учтун ортосуна Куралдуу

Күчтөрдүн символдук белгиси тартылган.

Туунун боолору сары жибектен эшилген, ар бир боонун учунда экиден

чачыгы бар. Боолордун узундугу 2700 мм. Жиптер Күжүрмөн Туунун учунун

түбүнө боолордун учтарынын узундугунун экиден үч катышы менен бекити-

лет.

4. Күжүрмөн Туу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы-

нын жашырын бөлүгүндө оролгон, жайылган түрдө жана өзүнүн кабында

гербдүү мөөр басылып сакталат.

Күжүрмөн Туу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын

ишине байланышкан салтанаттуу иш-чараларга алып чыгылат.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Күжүрмөн

Туусун башка мамлекеттик органдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар

пайдаланышы мүмкүн эмес. Тууну булгоого жана бул символдун маанисин

бурмалоочу жазууларды жазууга, белгилерди, сүрөттөрдү тартууга болбойт.

Мындай иштерди жасаганы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
